Сакралдаштыруу (орус. Сакрализация) (лат. ыйык) адамдарды, нерсе (буюм), кубулуштарды «касиеттүү», «ыйык» мазмунга ээ кылуу (диний жактан), саясий жана коомдук институттарды, социалдык, илимий ой-пикирлерди, маданият жана искусствону, турмуштук мамилелерди диний таасирлерге баш ийдирүү.

Дин илиминде Сакралдаштыруу «кудайга баш ийүү» дегенди туюндурат. Сакралдаштыруу символу аркылуу касиеттүүлүккө жетүүгө болот, тактап айтканда анын шаан-шөкөттү жөрөлгөлөрү аркылуу турмуш түйшүктөрүн таанып-билүүдөн сырткары калып, кудайчыл, касиеттүү маани-мазмунга ээ болот. Демек, дин илими боюнча, касиеттүү-ыйыктыкты – бул кудайдын амири же анын теориялык жактан кеңейтилиши деп түшүнөбүз.

Ал эми Дюркгейм боюнча касиеттүү ойлор (түшүнүктөр) коом, жаратылыштагы адам жашоосунун чыныгы маңызын чагылдырат, бирок жеке, атуулдук (өзүмдүк) жашоосуна каршы турат. Сакралдаштыруу алгачкы жамааттык, уруучулук жана кул ээлөөчүлүк коомго мүнөздүү. Диний кризис учурунда диний уюмдар жана дин жаатындагы окумуштуулар, бир жагынан «касиеттүүлүктү», «ыйыктыкты» жердеги көрүнүштөргө каршы коюуга умтулушса, экинчи жагынан, сакралдык чөйрөдөгү элес, көрүнүштөр менен социалдык чындыктарды байланыштырууга аракеттенишет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү