Саламат Садыкова — даңазалуу кыргыз ырчысы, комузчу-аткаруучу.

Саламат Садыкова
Негизги маалымат
Туулган датасы

28 -сентябрь 1956(1956-09-28) (67 жаш)

Туулган жери

Кызыл-Жол айылы, Баткен району, Баткен облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Өлкө

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, актриса

Аспаптары

Комуз

Жамааты

«Камбаркан»

Сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын Эл артиси(1995),
Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артиси(1995).

Өмүр баяны түзөтүү

Саламат Садыкова 1956-жылы 28-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында туулган. Атасы эки жашында, апасы тогуз жашында каза болуп калышкан. Алгач Кара-Суудагы мектеп-интернатта, андан кийин Оштогу музыкалык окуу жайда билим алган. 1973-жылы Баткен райондук маданият үйүндө эмгек жолун баштап, көптөгөн чыгармачылык сынактарга катышкан.

1988-жылы Саламат Садыкова “Тогуз кайрык” республикалык фестивалына катышып, калыстар тобунун эң жогорку баасына татыган. Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын “Камбаркан” ансамблине солист катары чакырылып, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде талыкпай эмгектенүүдө.

Чыгармачылыктагы ийгиликтери жана таланты бааланып, кыргыздын улуттук музыкалык искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.

Ошол эле жылы Казакстандын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.

Репертуарында үч жүзгө жакын ыры бар өнөрпоздун чыгармачылыгын атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов өтө жогору баалаган. 1980-жылдары Фрунзедеги маданий иш-чаралардын биринде жазуучу ага бир ырды кайталап аткарып берүүсүн бир нече жолу суранган.

Саламат Садыкова Орусия, Испания, Оман, Украина, Голландия, Бельгия, Люксембург мамлекеттеринде жеке концерттерин берип, музыкалык сынактарга катышкан. ТҮРКСОЙ эл аралык сыйлыгын алган

Чыгармачылыгы түзөтүү

Саламат Садыкова комуз коштоосунда элдик жана обончу-композиторлордун ырларын ырдайт. Садыкованын өздүк репертуарын Б. Эгинчиевдин, Р. Абдыкадыровдун, Ж. Шералиевдин, М. Баетовдун, А. Жайнаковдун ж.б. ырлары түзөт. Ал муңайыңкы, терең ойлуу, кусалуу вокалдык бойоктордогу ырларды табына чыгара аткарат. Анын тубаса чеберчилиги Б. Эгинчиевдин «Алымкан», «Күлгүн жаш», Р. Абдыкадыровдун «Эсиңдеби», «Тууган жерди сагынуу», К. Тагаевдин «Өмүр кайрыктары», А. Жайнаковдун «Кыргыз жери» ж.б. ырларда айрыкча ачылган. Ал казак ырларын да ажарын ача аткарат.

Жеке турмушу түзөтүү

Ырчы эки кызды өзү тарбиялап, чоңойткон. Улуу кызы журналист болсо, экинчиси учурда чет өлкөдө иштеп жүрөт. Саламат Садыкова төрт неберенин тай энеси. Учурда филармонияда “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблди жетектеп, ырдап жүрөт.

Сыйлыктары түзөтүү

III даражадагы “Манас” ордени (2016-жылдын 30-августу) – Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, баатырдыгы жана эрдиги үчүн (Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгына карата).

Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1995-жылдын 21-августу) – кыргыздын улуттук музыкалык искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1992-жылдын 6-марты) – кыргыздын фольклордук искусствосун өнүктүрүүгө жана байытууга кошкон зор салымы үчүн.

Казакстандын Эмгек сиңирген артисти (1995).

Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура жаатындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы (2004-жылдын 21-ноябры) – концерттик-аткаруучулук программасы үчүн.

“Манас-1000” мааракелик алтын медалы (15-август, 1995-ж.).

Шилтемелер түзөтүү