Салар
Салар — топоним. Атасы Манас экенин уккан Семетей Таласка барып, Манаска куран окутмак болгондо Каныкей ага бара турган жолун тааныштырган учурда:
Сыр-Дайрадан кечээрсиң,
Ары карай өтөөрсүң
Чыйырчык, Салар эки өзөн
Эки өзөнгө жетээрсиң (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 141), — деп эскерет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-035-5