Санта-Клаус (англ. Santa Claus) — христиан дининдеги Ыйык Николайдын элеси менен окшоштурулган рождестволук аяз ата, христиандардын Рождество майрамында балдарга белек берүүчү батыш европалык жана түндүк америкалык фольклордуу персонаж.

Келип чыгуу себеби түзөтүү

Прототип түзөтүү

 
Ыйык Николайдын иконасы

Болжол менен 270-жылы, Рим империясынын тушунда Ликия провинциясынын Патара деген жеринде болочок христиан олуясы Николай төрөлгөн. Ал өтө динчил болуп чоңойгон. IV кылымдын башында ал Кичи Азияда жайгашкан Мира (азыркы Демре) деген жерде мыкты епископ катары тааныла баштайт. Ал Артемида деген кудайчанын храмын талкалаган дешет. Ошол тушта Арий деген адамдын жолдоочулары христиандарды «троица» түшүнүгүнөн баш тарттырып, Иисусту Кудайга теңебөөгө аракет кылып башташкан эле. Башкалар менен катар эле Николай да «арианчылык» деген бул агымга каршылыгын билдирген. Николай бир жолу саякаттап жүрүп, бир деңизчини тирилткен деген уламыш бар. Ошондон улам деңиз саякатчылары аны өздөрүнө пир тутуп, куркунуч убагында ага дуба-тилек менен кайрылып келишкен. Дагы бир айтылып калган аңыз боюнча, үч кызы үчүн сеп таба албаган кедейге Николай жашыруун түрдө жардам берген. Ошондо ал ыргыткан алтындардын бири очоктун жанында жайылып турган байпакка түшүп калган дешет. Тарыхта жалган жалаа менен камалган Непотиан жана Урс деген аскер башчылардын куткарылышына да Николайдын салымы болгон деп эсептеп келишет. Ал 345-жылы бул дүйнөдөн кайтыш болгондон кийин, анын денеси сыйынуу обьектиге айланган. Европада «Ыйык Николай» деген мааниде анын «Синт Николас» деп айтылышынын өзгөрүлүшү менен «Санта Клаус» деген сөз пайда болгон.

Синт Николастын ыйыкташтырылуусу түзөтүү

«Ыйык Николайдын» же «Николай олуянын» атына христиан элдеринде көптөгөн чиркөөлөр курулган. Кичи Азия аймагы мусулман селжуктардын карамагына киргенден кийин, 1087-жылы Николайдын өлүк денесинин көп бөлүгүн италиялыктар Бари шаарына уурдап чыгарып кетишкен. Кийинчерээк венециялыктар да өлүк дененин калган бөлүгүн алуудан куру калышкан эмес. Николайдын денесин көчүрүү окуясы көпчүлүк христиандар үчүн майрам болгон – ал 9-май эле. Ошентип, анын ысмы бара-бара христиан элдеринин маданияттарына терең сиңе берген.

XII кылымдан баштап, Европада 6-декабрь күнү Ыйык Николайды эскеришип, анын атынан балдарга белек берип турушкан. Ал алардын тилинде «Синтерклаас» деп айтылуучу. Бирок, XVI кылымда католиктик чиркөөсүн реформалоого багытталган диний жана коомдук-саясий кыймыл кулач жая баштаган. Тарыхта аны «Реформация» деп коюшат. Чиркөө реформатору Мартин Лютер да бул майрамга каршы болуп, белек берүүгө Рождество ылайыктуурак деп эсептеген. Ошентсе да, ыйыктарга сыйынууга каршы көз караштагылар көп болгондуктан, балдарга белек берүү күнүн рождестволук жарманке мезгилине туура келген 24-декабрга жылдырышкан. Ал эми Николайды балакай келбетиндеги Христке алмаштырышкан. Кийин кайрадан контрреформация болгондо, Николайдын образы кайтадан өз ордун тапкан. Бирок, эми ал белек берүүчү катары тааныла баштаган.

Майрамдоо салты Европада азыркыга чейин уланып келе жатат. Айрыкча Нидерланд жана Бельгиядагы салттык ишеним боюнча, Синтерклаас 5-6-декабрь күндөрү Испаниядан Нидерландыга кеме менен келет. Балдар белектерин таң заарда бут кийиминин ичинен таап алышат. Синтерклаастын чачы жана сакалы ак түстө, ак ат минип келет, ошондой эле өзгөчө китебинде балдардын жакшы жана жаман жоруктары жазылуу болот. Эгер бала тентек болсо, Кара Пит аны мүшөккө салып алып кетет. Азыркы учурда Синтерклаас деспотикалык педагогдон балдардын досуна айланды. Ал мүшөктү белек ташуу үчүн гана колдонуп, ал эми тентек бала кылган жоругун экинчи кайталабоого сөз берүүсү гана жетиштүү деп калышты.

 
Ойлоп табылган Санта-Клаус

Санта-Клаустун пайда болушу түзөтүү

XVII кылымда Европадан Түндүк Америка материгине көчүп барып, Жаңы Амстердамды (азыркы Нью-Йорк) түптөшкөн голландиялыктар менен кошо Николайдын образы болгон «Синтерклаас» да кошо барган. 1822-жылы Колумбия университетинин адабият мугалими Клемент Кларк Мур балдарга белек бергич «Санта-Клаус» жөнүндө ыр түрүндөгү жомок ойлоп чыгарган. Ошондон кийин анын поэмасы басылмаларда басылып чыга баштап, 1840-жылдарга карата америкалыктардын дээрлик бардыгы Санта-Клаусту таанып калышкан. Клемент Мур алгачкы болуп, жомогунда Санта-Клаустун 9 бугусунун сегизин эскерген. 1863-жылдан баштап, Томас Наст деген сүрөтчү Санта-Клаустун жашоосун чагылдырган ар кандай сүрөттөрдү жарыялап турган. XX кылымдын башында Санта-Клаустун азыркы көрүнүшүндөй сүрөтү бир канча коммерциялык компаниялардын рекламаларында чыга баштаган. Ошентип, тарыхый-чиркөөлүк прототибинен алыстаган образ жаңы деталдарга байып, коммерциялаштырылып кеткен.

Аяз атанын пайда болушуна тийгизген таасири түзөтүү

XIX кылымдын 2-жарымында Орусиянын шаардыктары батыштагы замандаштарынын Николайы (Санта-Клаус) сыяктуу эле орус балдарына да белек бере турган «рождестволук ата» жаратууга аракет кыла башташкан. Барып-барып XX кылымдын башында биз билген Аяз атанын элеси калыптанган. Дед Мороз – бул рождестволук белек бергичтин чыгышславяндык варианты гана. Ал Жаңы жыл майрамындагы башкы жомоктуу персонажы. Анын прообразы болуп, славяндардын кыш, суук жана аяз ээси делген кудайчасы эсептелинет.

Булактарга шилтемелер түзөтүү