Сариев Дүйшө (1922-ж. т., Жети-Өгүз району, Боз-Бешик айылы) — артист, драматург, акын. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1973). III даражадагы Манас орденинин ээси (2016)

Өмүр таржымалы түзөтүү

1941—43-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эмгек жолун 1944-ж. Боз-Бешик айылында колхоздун бригадири болуп баштаган.
1945-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында солист.
1945—62-ж. Ысык-Көл драма театрында, 1962—84-ж. М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалык драма театрында, 1984- жылдан К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында эмгектенет.
Орус жана улуттук спектаклдерде ар кыл пландагы образдардын ички тереңдигине актёрдук анализ жүргүзүп, башкы каармандардын ролдорун жогорку даражада аткарган актёр.

Жетишкендиктери түзөтүү

Heгизги аткарган ролдору: Семетей, Карагул (К. Маликов, «Сейтек»), Журналист Морфи (К. Симонов, «Орус маселеси»), Иван малай, Дикой (А. Н. Островский, «Сепсиз кыз», «Добул»), Койчу (А. С. Пушкин, «Евгений Онегин»), Кодар (Г. Мусрепов, «Козу Көрпөш, Баян сулуу»), Куркут (Т. Абдумомунов, «Ашырбай»), Данияр, Бектемир (Ч. Айтматов, «Жамыйла», «Кызыл жоолук жалжалым»), Келтек (А. Тажибаев, «Портрет»), Сиплый (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Курбан (Г. Гулям, «Ташбалтанын сүйгөнү»), Ажыбай (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Айчүрөк»), Борколдой (3. Сооронбаева, «Эркек колукту») жана башка.
«Үркүн», «Булбул шам», «Туңгуюкка такалган күндөр», «Дарексиз аял» жана башка драмаларды, «Табылган кат», «Азатгүл», «Кулабасын уук эзели» поэмаларын жазган.

Сыйлыктары түзөтүү

1-, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Айрым шилтемелер түзөтүү

Жашоо өзү театр Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.