Темир Сариев
Кыргызстандык саясатчы
(«Сариев, Темир Аргембаевич» барагынан багытталды)
Темир Аргембаевич Сариев (17-июнь 1963-жылы, Төш-Булак айылы, Сокулук району, Кыргыз ССР) — кыргыз мамлекеттик ишмери. Кыргызстан убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, каржы министри, «Ак-Шумкар» саясый партиясынын төрагасы. 2015-ж. 2-майынан 2016-ж. 11-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп иштеген.
Темир Аргембаевич Сариев | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
2-май 2015-жыл — 11-апрель 2016-жыл | ||||
Президент: | Алмазбек Атамбаев | |||
Андан мурунку: | Жоомарт Оторбаев | |||
Андан кийинки: | Сооронбай Жээнбеков | |||
| ||||
8-апрель 2010 — 14-июль 2010 | ||||
Президент: | Алмазбек Атамбаев | |||
| ||||
24-декабрь 2011 — 30-апрель 2015 | ||||
Өкмөт башчысы: | Өмүрбек Бабанов Жантөрө Сатыбалдиев Жоомарт Оторбаев | |||
Андан кийинки: | Олег Панкратов | |||
Дини: | ислам | |||
Туулган жылы: | 17 -июнь 1963 (61 жаш) | |||
Туулган жери: | Төш-Булак айылы, Сокулук району, Чүй облусу , Кыргыз ССР, СССР | |||
Билими: | Кыргыз мамлекеттик улуттук университети | |||
Кесиби: | экономист | |||
Сыйлыктары: | ||||
Биографиясы
түзөтүү1963-жылдын 17-июнда Чүй облусунун Сокулук районундагы Төш-Булак айылында төрөлгөн.
Билими – жогорку: 1989-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн. 2000-жылдан 2007-жылга чейин Жогорку Кеңештин 2 жана 3-чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Мамлекеттик кызматтын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ. Үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
Ишмердүүлүгү
түзөтүү- 1981-1983-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.[1]
- 1983-жылы эмгек ишмердигин Аламүдүн тери фабрикасында экспедитор болуп иштөө менен баштап, бир катар кызматтарды аркалаган, 1987-жылы экономист кызматын ээлеген.
- 1987-1989-жылдары комсомолдук ишинде, алгач үйрөтүүчү кызматын ээлеп, андан соң Аламүдүн райком комсомолунун эмгек жаштарынын бөлүм башчысы болуп иштеген.
- 1989-1991-жылдары партиялык кызматта турган. Андан соң Аламүдүн райкомунун КПКсында уюштуруучу бөлүмүндө үйрөтүүчү кызматын ээлеген, Аламүдүн райаткаруу комитетинде аппарат жетекчиси, Аламүдүн райаткаруукомитетинде төраганын орун басары болгон.
- 1991-жылдан тарта Кыргыз товар-чийки зат биржасын негиздеп анын биринчи президенти болуп, аны 1995-жылга чейин жетектеген.
- 1995-жылы "Тотон" каржы-өнөр жай фирмасынын мүдүрү.
- 2000-2007-жылдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты, бюджет жана каржы комитетинин мүчөсү.
- 2005-жылы Кыргызстандын Конституциялык кеңешинин мүчөсү.
- 2007-жылы "Реформа үчүн!" кыймылынын теңтөрагасы, катарлаш эле "Демократиялык күчтөр Союзунун "Акшумкар" саясый партиясынын теңтөрагасы.
- 2008-жылдын июнь айында "Демократиялык күчтөр Союзунун "Акшумкар" саясый партиясынын төрагасы болуп шайланган.
- 2008-жылдын 24-декабрында Кыргызстандын "Бириккен элдик кыймылынын" саясый бюросунун мүчөсү болгон.
- 2010-жылдын 8-апрелинде Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, Каржы министри болуп дайындалган.
- 12.2011-04.2015-жж. Экономика жана монополияга каршы саясат министри болуп дайындалган.[2]
- 2015-жылдын 2-майынан 2016-ж. 11-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.[3]
Эскертмелер
түзөтүү- ↑ Темир Аргембаевич — өмүр баян(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ http://www.gov.kg/?cat=26&lang=kg
- ↑ http://www.gov.kg/?cat=26&lang=kg