Саяпкер (иранча ) – күлүк, жорго таптоочу адам. Саяпкер атты таптаганда арыгын эттендирип, семизин арыктатып, жем-чөбү менен сууну күндө ченеп берген. Атты улам алыстатып чаап машыктырып, суутуп чыйралткан. Ат тапталып сынга толгондо, ага акырындык менен ат чабуучу баланы көнүктүргөн.
Бир С. бир же бир нече атты таптаган. Ар бир аттын турпатына, өзгөчөлүгүнө жараша ат таптоонун ар кандай ыкмасы (басуу, суутуу, таңашыруу жана башкалар) болгон. «Манаста» С. тууралуу ат чабыш окуяларында айтылат. Мисалы, Чапкан аттардын келгенинде Көкчөнүн Көгаласын чаап бараткан чабандес баланын сөзүндө С. эскерилет:

Көкчөнүн аты Көгала
Көзүн жаштап үстүндө
Чаап жүргөн шум бала
Заяпкерсинип алыптыр...
Өткөрө байлап салдым деп
Көкчөнүн тилин алам деп
Убалына калдым деп (Сагымбай Орозбак уулу, 3. 268).

С. эпостун «Семетей» бөлүмүндө кеңири айтылат. «Каныкейдин Тайторуну чапканы» эпизодунда Каныкей Тайторуну кантип таптаганы толук айтылат. Ал Тайторунун «күндө терин», «айда терин», «ачуу терин», «сасык терин» алышы баяндалат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 79), к. Ат таптоо.

Адабият

түзөтүү
  • == Колдонулган адабияттар ==

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.