Серек"Манас" эпосунун кырк чоронун белгилүүлөрүнүн бири. Өз аты — Байсабай. С.— ылакап аты. Бардык варианттарда кырк чоронун катарында Сыргак менен катар айтылат. С. өзүнүн баатырдыгынан тышкары ар дайым өз тапкычтыгы, билермандыгы, акылмандыгы менен башка чоролордон өзгөчөлөнүп турат. Ар кандай татаал, кыйын кысталыш учурлардан С. билгичтиги, тапкычтыгы менен жол таап чыгып кеткен учурлар эпосто өзгөчө белгиленип айтылат. Сагымбай Орозбак уулу С-ке төмөнкүдөй мүнөздөмө берет:

Сайкашка сөзүн билип ал,

Кырк баатырдын ичинде

Билгичилден бири бар.

Саясы салкын тереги,

Кысылса тиер кереги,

Кыйбат баа Сереги.

Таар ордуна бөз тапкан,

Тарылган жерде сөз тапкан.

Талкаланган сыныкка

Дары жагып, эп тапкан,

Такалган жерде кеп тапкан (Сагымбай Орозбаков, 2. 320). Көп учурларда, айрыкча алабарман, ала көөдөн Манасты кыйчалыш учурларда билгичтик менен сактап калат. Манас баатыр Алоокеге барып, анын суну(пу боюнча конууга макул болот. Мындай учурларда "Саясы салкын терек бар, Сандыргалуу Манаста Салтанаттуу Серек бар". Билгич С. мында да Алоокенин берген тамагын жебестен, мал алдырып, өзүбүз союп, өзүбүз этин бышырганыбыз жөн дейт. Бакай Серектин сөзүн макул көрөт. Манасты сыйламыш болуп, уу бермекчи болгон Алоокенин ою ишке ашпай калат. Он башы болгон Тазбаймат Манасты унутуп шаштысы кеткенде да аны сактап калган С. болот. С-тин образыЧ. Валихановжазып алган текстте Манастын жакын чоролорунун бири катары эскерилет. "Эми үйдө Серек от башым, чором", "ойдо Серек от башым" делип, өз кишиси, ой, сөз тапкыч башчысы экендиги айтылып жатат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында, Саякбай Каралаевдин варианты вариантында да С-тин эрдигин, адамдык сапатын, иш-аракетин сүрөттөп С-тин көп кырдуу образын ачып турган мүнөздөмөлөр арбын:

Жапырагы алтын байтерек,

Сандыргалуу эр Серек,

Ал өнөрү болбосо

Серек деп айтуу не керек (Сагымбай Орозбаков , 3. 50), "Серүүндөгөн Сереги, Серпишкен жоого кереги" (Саякбай Каралаев, 2. 65) жана башкалар

Белгилүү варианттардын дээрлик бардыгында С. кырк чоронун бири, Манас менен аталаш тууган катары баяндалат. Саякбай Каралаевдин вариантында "Төмөнкү Кырымдан келген эр Серек" делет. Ал эми Кызыл-Суулук манасчы Жусуп Мамайдын вариантында С. Жакыптын Магдымдан төрөлгөн баласы, Манастын аталаш иниси болуп айтылат. Чоң казатта окко учкан он эки чоронун бири (Саякбай Каралаевдин варианты).

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4