Синтаксис (б.-грек. σύν-ταξις — түзүлүш, тартип) ― тил илиминде, сүйлөмдүн түзүлүшүн, сөз айкашын жана сүйлөм мүчөлөрүн окутуучу грамматиканын бир бөлүмү.

Логикада формалдаштырылган тилдин формалдуу бөлүкчөлөрүн окуп үйрөнүү. Мындай окуп үйрөнүүнүн объектиси катары каралып жаткан эсептөөлөрдүн (формалдык тутумдун) алфавити, предметтик тилдин (объект-тилдин) туюнтмаларын (формаларын) уюштуруу (кара: Метатил), андагы кайра түзүүлөрдүн эрежелери жана эсептөөлөрү (жыйынтык чыгаруу эрежеси) кызмат кылат. Кайсы бир белгилүү формалдык системанын синтаксистик касиетин айрым атайын каражаттар аркылуу (математикалык изилдөөлөрдө кабыл алынгандай; кара: Метатеория) үйрөнүү элементардык синтаксис деп аталат.

Теоретикалык синтаксис – бул аппаратына адатта эч кандай чектөө коюлбаган кайсы бир белгилүү түрдүн баардык мүмкүн болгон формалдуу системаларынын жалпы теориясы. Элементардык жана теоретикалык синтаксис кадыресе мазмундук жактан түшүнүктүү тил менен иш жүргүзөт. Синтаксиске алгач негиз салгандардын бири грек окумуштуусу А. Дискон (2-к.) болгон. Тил илиминин өнүгүшүнүн ар түрдүү мезгилдеринде синтаксиске ар башка аныктамалар берилип, анын милдети ар кандай түшүндүрүлүп келген.

Алгач синтаксис сүйлөм жана анын бөлүктөрү жөнүндөгү окуу деп эсептелип, ал сүйлөмдү талдоо логикага тиешелүү болгон. 19-кылымдын экинчи жарымында тилдин улуттук өзгөчөлүгү изилденип, ал морфологияга байланыштуу каралгандыктан, синтаксис сөз айкашы жана сөз түркүмдөрүнүн сүйлөмдө аткарган милдети жөнүндөгү окуу катары эсептелген, тактап айтканда ал сөз түркүмдөрүнүн эле синтаксиси болуп, сүйлөм өзүнчө бирдик катары каралган эмес.

Синтаксисти азыркыча түшүнүүнү грек окумуштуусу И. Рис баштап аны В. Матезиус уланткан. Ал синтаксисти тилдик номинациялык бирдиктердин айкалышы жана анын ыктары жөнүндөгү окуу деп караган. Мында сөздөрдүн айкалышуу мүмкүнчүлүгү – синтагматикалык синтаксис, ал эми сүйлөм жөнүндөгү окуу – сүйлөмдүн синтаксиси болот. Синтагматикада сүйлөмдөгү сөздөрдүн синтаксистик байланышуу жолдору, ал эми сүйлөмдүн синтаксисине предикативдик байланыш, модалдуулук, коммуникативдүүлүк, сүйлөм мүчөлөрү жөнүндө окуу кирет.

Булактар

түзөтүү
  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8