Төкмө акын Сооронбек Чойбеков 1908-жылы азыркы Киров районуна караштуу Чимкент айылында туулган. Ата- энеси ар кайсы байларга жалданып иштеп өлбөстүн оокатын кылган жарды адамдар болгон. Жаштайында жетим калып, турмуштун көп оорчулуктарын башынан өткөрөт. Ал күндөрү жөнүндө акын бир ырында мындайча баяндайт:

Туулуп эсейгенден бери карай,
Башымдан эчен турмуш өттү далай.
Жашымдан ата- энесиз жетим калып,
Кой багып, уй кайтарып, болдум малай.

Үстүмдө жыртык чапан, жыртык чокой,
Жашоодо мындан артык жыргал жоктой.
Кышкысын бороон согуп, кар жааса да,
Жаш экем, жүрө берген сезип койбой.

Октябрь революциясына чейинки акындын турмушу мына ушундай жакырчылакта өтөт. Оор турмуштун түйшүктөрү менен алпурушуп жүргөн мезгилде, акындын өз сөзү менен айтканда:
Акыйкатсыз ак падыша түшкөн имиш,
Бир адам кедейлерге бүткөн имиш
. Бай-манаптын бардыгын бүт курутуп,
Калгандарды алдыртан издер имиш.
Куу чарыктар чоң болуп чыгар имиш,
Кедейден болуш-старчын турат имиш.
Кези келип байларга азап берип
Малды талап, камписке кылат имиш.
деген кабар бат эле айылга желдей тарап кетет. Көп узабай
Ленин үнү шаңк этип
Октябрь таңы жарк этип,
Эрк алып кыргыз кубанды,
Эзилген кайгы дат кетип.
Бүткүл эмгекчилер менен бирге Сооронбек да байдын таягынан кутулуп эркиндик , теңдик алат.
Совет бийлигинин кыргыз жергесинде орношу менен Сооронбек өз айылындагы жаштар сыяктуу социалисттик курулуштун активдүү куруучуларынын бирине айланат. 1920-жылдары Ленин комсомолунун катарына өтөт, комсомол комитетинин ячейкасы болуп да иштейт. 1930- жылы башталгыч мектепти бүтүрүп, көп узабай өз айылындагы жаңы уюшулган I I I интернационал атындагы колхозго башкармалыкка дайындалат. Андан кийин алты айлык мугалимдерди даярдоо курсун бүтүп, 1938- жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайына кирип, бүтөөр жылы өз замандаштары менен фашисттик баскынчыларга каршы колуна курал алып, согушка жөнөп кетет. Согушта душман менен айыгышкан күрөштө оор жарадар болот да, бир колунан ажырап, 1944- жылы туулган айылына келет. 1947- жылга чейин өз жеринде колхоздун председатели болуп иштейт. 1947- жылы Чаткалдагы дол бөлүмүнүн начальнигине дайындалат. Андан кийин көп жылы өз колхозунда бригадир, кой ферма өңдүү кызматтарды аткарат. 1968- жылдан бери Ата Мекендик согуштун инвалиди, эмгек каарманы катары персоналдык пенсионер болгон.
С.Чойбековдун ырчылык шыгы эрте билинет. Ал он жашынан баштап эле айыл ичинен уккан ырларын ырдай баштайт. Акындын ырчылык шыгынын ойгонушуна “Табышмак, жомок көп айтып, кез- кезде таңды атырган “ атасы да бир себепчи болот. Ал эми анын кадимки ырчы аталып, эл оозуна алынышына Октябрдын берген эркиндик таңы чоң себепкер болот. Сооронбектин ырчылык өмүрү да Октябрдын жеңиши, кыргыз жергесинде совет бийлигинин орногон жылдары башталган.
Сооронбайдын өзүнүн эскерүүсү боюнча, ал Токтогулга 14 жашында азыркы Киров району, Фрунзе колхозундагы Шербек деген кишиникинде биринчи жолуккан экен.
Ал “Өмүрдүн өткөндөгү убагынан”, “ Карыя чабандын сөзү”, “Сагынгандан”, “Коммунизм нурун чачты жаркырап” , “Жанышбекке”, “Күкүнгө”, “Разаканга арнап” өңдүү чыгармаларды жараткан.

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:
Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктери. Фрунзе 1988