Социалдык санкция, социалдык таасир этүү чаралары – айрым социалдык топтордун (коом, эмгек жамааты, коомдук уюмдар, компаниялар, ж. б.) социалдык жактан карманган чен-өлчөм, баалуулуктардан четтеген оң же терс жүрүм-турумдарга жасаган мамилеси.

Социалдык санкция сыйлоо же жазалоо түрүндө болуп, жеке адамдын жалпы ишке катышуусуна түрткү берет да, иш-аракетти үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, жамааттын ынтымагын камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Рим укугунда «санкция» термини юридикалык тартип бузгандыгы үчүн берилүүчү жазаны билдирген. Жеке адамга колдонулуучу чаралары жагынан Социалдык санкциянын күч колдонуу (уруп-согуу, эркинен ажыратуу, өлүм жазасы), экономикалык (сыйлоо, айып салуу, мүлкүнөн ажыратуу), символдук (сүйүү белгиси, урматтоо же жек көрүү, баалоо) түрлөрү кездешет.

Социалдык санкциянын туура эмес жүрүм-турумга тыюу салуучу «терс» түрү жана жакшы жакка багыт берүүчү «оң» таасирлери көп тараган. Социалдык санкция мурда белгиленген чен-өлчөмдөр (устав, мыйзам, жобо) аркылуу, атайын өкүлдөр аркылуу жүргүзүлсө, анда ал формалдык же «белгиленген тартип боюнча» деп аталат. Социалдык санкция туура эмес колдонулса, тескери натыйжа бериши мүмкүн. Бул же тигил Социалдык санкциянын пайда болушу же натыйжалуулугу конкреттүү тарыхый шартка байланыштуу жана ал ордуна, мезгилге ылайык чечилиши зарыл.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8