Соң-Көл тоосу - Ички Теңир-Тоодо, Жумгал ж-а Соң-Көл өрөөндөрүн бөлөт.

Каракече өрөөнүнөн (батышта) Долон ашуусуна (чыгышта) чейин, түндүктү көздөй ийилип, 92 кмге созулат. Эң жазы жери 9 км. Орт. бийикт. 3560 м, эң бийик жери 3856 м. Соң-Көл өрөөнүнөн 500–600 м, Жумгалдан 1400–1600 м бийик жайгашкан. Асимметриялуу түзүлүштө, түн. бети тик, түштүк 6–9°ка жантайган байыркы денудациялык түздүктүн калдыгы. Аска-зоока ж-а мөңгү жокко эсе; байыркы мөңгүлөрдүн издери бар. С. т.–герцин тектон. Бүктөлүүсүндө пайда болгон татаал структура. Кембрийдин эффузия-чөкмө, ордовиктин терриген ж-а аларды жиреп чыккан гранит-диорит, диорит тектеринен турат. Түш. Капталына субальп бетегелүү талаа (3100–3400 м), бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа (3400– 3600 м) ж-а субнивалдык суук чөл (3600 мден жогору), түн. капталынын этегине шалбаалуу талаа, сейрек арчалуу токой (2300–2800 м), субальп, альп шалбаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2