Становой тайпак тоосу - Чыгыш Сибирдеги тоо системасы.

Байкал көлүнүн түндүк четинен Олёкма дарыянын ортонку агымына чейин созулат. Уз. 700 км, туурасы 200 в.вден ашык. Кырка тоолору (3000 м бийикке чейин) чыгыш - түндүк-чыгышка багытталып, таманы 500-1600 м бийикте жаткан өрөөндөр менен бөлүнөт.

Архей жана протерозойдун кристалл жана метаморфизм тектеринен турат. Коп жылдык тоң бардык жерде таралган. Рельефтин алып формалары (кыры аскалуу, цирк, тепши ж. б.) мүнөздүү.

Климаты кескин континенттик; жылдык жаан-чачыны 300-1000 мм. Тоо капталдарына Кызыл карагайлуу тайга, 1200. идеи жогору сейрек токой жана жылаңач аска мүнөздүү. Кен байлыктары; алтын, жез, флюорит, таш көмүр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.