Табышалиев, Салмоорбек (15.3.1928, Чүй облусу, Сокулук району, Кызылтуу айылы – 1993, Бишкек) – тарых илиминин доктору (1970), Кыргызстан ИАнын академиги (1989; корреспондент-мүчө, 1974).

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Салмоорбек Табышалиев 1928-жылы 15-мартта Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында туулган.

1946-ж. Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөндөн кийин, анда окутуучу (1950–51), 1952–53-ж. Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун директоруна орун басар жана сектор башчы, 1952–54-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы болуп иштеген.

1954–56-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых институтунун директору, 1956–60-ж. Кыргызстан БКнын бөлүм башчысы, партиянын 1-Май райкомунун 1-катчысы, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун директору болгон.

1960–76-ж. КМУнун (азыркы Жусуп Баласагын атныдагы Кыргыз улуттук университетинин) ректору болгон.

4.7.1975 - 27.3.1980 - Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон.

1976–-83-ж. Кыргызстан ИАнын вице-президенти жана коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы.

1983–92-ж. КР УИАсынын Тарых институтунда бөлүм башчы, директору болгон.

1992-жылдан ушул эле институттун дирекциясынын кеңешчиси.

1993-жылы дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Эмгектери Кыргызстандагы социалдык жана коммунисттик курулушка, комсомолго, жогорку окуу жайларынын тарыхына арналган. 150дөн ашык илимий эмгектин автору.

Сыйлыктары. Наамдары. Коомдук ишмердиги түзөтүү

Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1963–80).

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970).

Ленин, Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Эстутум түзөтүү

2013-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атныдагы Кыргыз улуттук университетинде академик Салмоорбек Табышалиевдин 85 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.

С. Табышалиевдин аты Бишкек шаарында КУУнун жанындагы көчөгө берилген.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4) [U.A.Asanov, A.Z.Jumanazarova, T.Chorotegin. Kyrgyzskaia nauka v litsah: Kratkiy istoricheskiy I bio- bibliograficheskiy svod / Otv. Red. U.A.Asanov. – Bishkek: Tsentr gosyazyka I entsiklopedii. 2002. – 544 pages, ill., map. (ISBN 5-89750-142-4)]
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003.


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү