Аталыш тууралуу түзөтүү

"Эмнеге макаланын аталышы "ААБОТ" ордуна "ААББТ" деп берилди" деген суроо жаралса.
Классификатордон үзүндү: ««Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бөлүнүшүнүн объектилерин жана аймактык бирдиктерин белгилөө тутуму» мамлекеттик классификаторун (ААБОТ МК)...»
ААБОТ - классификатордо расмий бирилген кыскартылышы. Аны жогорудагы үзүндүгө таянып административдик-аймактык бөлүнүшүнүн объектилеринин тутуму деп чечмелесе болот. Бирок, кыргыз тилиндеги классификатордун башкы бетинде мындай аталыш берилген: Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору. Бул аталышта "бөлүнүшүнүн" деген сөз жок. Бул аталыш орус тилиндеги классификатордун аталышы менен бирдей берилген (Государственный классификатор "Система обозначений объектов административно–территориальных и территориальных единиц Кыргызской Республики”). Анын орус тилиндеги расмий кыскартылышы -СОАТЕ (система обозначений АТЕ, кыргызча берсек ААБ белгилөө тутуму).
Эмнеге орусча аталышы менен салыштырып жатам десеңиз: классификатордун түп нускасы орус тилинде жазылган (кыргыз тилиндеги начар котормосу жана түшүнүксүз, логикага дал келбеген жерлери аркылуу түшүнсө болот). Орус тилиндеги кыскартылышын карасак, классификатордун маңызын туура бергенин түшүнсөк болот. Кыргыз тилиндеги расмий кыскартылышынын (ААБОТ) мааниси түшүнүксүз болуп жатат: "адм-аймактык бөлүнүшүнүн объектилеринин тутуму", классификатор ар бир адм-аймактык бирдиктерге сандык код берип жатат башкача айтканда аларды белгилеп жатат. Андыктан, ААББТ кыскартылышын колдонсок, классификатордун маңызын так түшүнсө болот: административдик-аймактык бирдиктердин БЕЛГИЛӨӨ ТУТУМУ.--Bosogo (баарлашуу) 12:55, 1 Май (Бугу) 2022 (UTC)

Return to "ААББТ" page.