Талкуу:Ак-Татыр айыл аймагы

Көк-Терек жана Орто-Боз түзөтүү

@Professional Margun, @Kmaksat Саламатсыздарбы. Көк-Терек жана Орто-Боз айылдары жөнүндө сурайн дегем. Улуттук статистика комитети чыгарган классификатор боюнча ал айылдар жок, бирок ММКларда бар. Айтылган классификатор 2021-жылдын 11-майында жаңыртылган (чек-арадагы кагылышуудан кийин). Professional Margun сиз Көк-Терек айылы толугу менен жабыркады деп жазгансыз. Ал айылды кийинчерээк жаңыдан салышты (2022-жылдын башына карата). Балким, май айында айыл макамасынан ажыратылган, кийин калыбына келтиришкен.--Bosogo (баарлашуу) 14:20, 25 апрель 2022 (UTC)Жооп берүү

Урматтуу кесиптештер арыбаңыздар, төмөндө Көк-Терек жана Орто-Боз айылдар тууралу маалымат:
  • Орто-Боз - Говсувар айылынын башка аталышы. Говсувар - классификаторго ылайык расмий аты.
  • Көк-Терек - Говсувар айылынын курамына кирген кичинекей участок, эки эле көчөсү бар. Азырынча айыл деген макамы жок, кийин өз алдынча болуп таанылса тизмеге жана картага кошом.
Бул калк конуштар боюнча дагы сунуштарыңыздар болсо кеңешели. Kmaksat (баарлашуу) 04:34, 26 апрель 2022 (UTC)Жооп берүү
@Kmaksat Говсувар айылынын башка аталышын Орто-Боз деген ачык-айкын айткан булактар барбы ? Говсувар (Орто-Боз)[1] жана Ак-Татыр айыл аймагындагы Орто-Боз шайлоо аймагы тууралуу[2]. Расмий билдирүүлөрдө да Орто-Боз аталышын колдонуп жатышат. Эгерде айылдын аталышы өзгөртүлсө, анда тийиштүү Мыйзам болуш керек ("Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" КРнын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык - кыргызча жок экен). Көк-Терек боюнча сиз менен макулмун, макамы жок болсо - алып салуу керек.
@Bosogo мырза, рахмат. Бул керектүү жобого да рахмат. Говсувардын башка аталышы Орто-Боз экендиги тууралу токтомду же дагы бир расмий булакты таппадым. Кайсы аталышы акыркы жана расмий бекитилгенин билбейм. Таянганым эле классификатор менен ММК. Ошондуктан wikiдеги макалаларда Говсувар (Орто-Боз) деп көрсөтүп койдум. Ошондой эле кош багыттама да кошуп койдум.
Башка сунушуңуз болсо дагы карайлы. Kmaksat (баарлашуу) 09:41, 26 апрель 2022 (UTC)Жооп берүү
Return to "Ак-Татыр айыл аймагы" page.