Тарыхый этнография - жок болуп кеткен алгачкы коомдорду, алардын социалдык мамилелеринин жана маданиятын изилдөөчү, аларды теориялык мүнөздө калыбына келтирүүчү өз алдынча илимий багыт.

Тарыхый этнографиянын негизги булагы болуп саякатчылардын баяндамалары, миссионерлердин күндөлүк каттары, юридикалык документтер, фольклордук жаздыруулар ж.б. эсептелет. Алардан башка лингвистикалык, ономастикалык, археологиялык материалдар пайдаланылат. Тарыхый этнография жок болуп кеткен алгачкы маданияттарды гана эмес, азыр жашап жаткан элдердин коомунун өткөн тарыхый этаптарын да калыбына келтирет. Ал бир эле коомдук өнүгүүнүн түрдүү этаптарындагы абалын салыштырууга, маданиятынын эволюциясына көз жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тарыхый этнографиянын алгачкы мектептеринин бири Франциядагы европалык аң-сезимдин жана менталитеттин эволюциясын изилдеген «Анналдар» мектеби эсептелет.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.