Тескей сериясыТүндүк Теңир-Тоо бүктөлүү аймагындагы протерозой заманынын аягында пайда болгон тоо тек катмары. 1957-жылы В. Г. Королёв бөлгөн. Тескей сериясы эки негизги свитага бөлүнгөн: астынкы – кварцтуу кумдук, алевролит жана гравелит; үстүнкү – негиздүү жанартоо тектери (порфирит, диабаз) менен кремнийлүү сланецтер. Тескей сериясы курамы жана түзүлүшү боюнча ага чейинки тоо тектерден айырмаланып турат. Пайда болгон учурда аймактагы геологиялык шарт кескин өзгөрүлүп, жер кыртышы жарылып, рифт сыяктанган тектоникалык структуралар пайда болгондугун айгинелейт. Түндүк Тенир-Тоонун металлогениясын изилдөөдө чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү