Тешик-Таш үңкүрүӨзбекстан Республикасынын (Сурхан-Дарыя облусу) Байсун-Тоо (Ысар тоо кыркасынын түштүк-батыш этеги) тоосундагы үңкүр. Деңиз денгээлинен 1500. ибийиктикте жайгашкан. Үңкүрдүн бийиктиги 7 м, туурасы 20 м, терендиги 21 м.

1938–39-жылдары археолог А. П. Окладников археологиялык казуу жүргүзүп, мустьер мадтына таандык турак жайды жана 8-9 жашар неандертал баланын сөөк калдыгын, ошондой эле 28558 таш буюмдарды (оттук таштар, тегерек нуклеустар, леваллуа такталары, учтуу таш куралдар ж. б.) тапкан. Сөөк тоо текенин мүйүздөрү менен тегерете курчалып, таш менен корумдалган. Жанынан таш куралдар, от калдыгы, бугу мүйүзү, жылкы, аюу, коён, суур, куштардын сөөктөрү кездешкен. Сөөктү Г. Ф. Дебец изилдеп, 1940-ж. М. М. Герасимов 150 сөөк сыныктарынын негизинде неандерталецтин келбетин калыбына келтирген. Анын негизинде В. П. Алексеев Орто Азиянын түштүгү да адамзат расасы калыптанган алгачкы очоктордун катарына кирет деген пикирди айткан.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.