Токойлуу талаа зоналары - Жер шарындагы талаа жана токой ландшафты басымдуу болгон географиялык зоналар.

Субтропик алкактардын Токойлуу талаа зоналары, мелүүн алкактын Токойлуу талаа зоналары болуп бөлүнөт. Субтропик алкактардагы Токойлуу талаа зоналары Түндүк Америкада (Борбордук түздүктөрдүн батышы жана Мексика бою ойдуңу), Түштүк Америкада (Бразилия тайпак тоосунун түштүгү, Эки суу арасы, Пампанын чыгышы), Африканын түштүк-чыгышында, Австралия тоолорунун батыш өндүрүндө кездешет.

Климаты мелүүн континенттик. Орт. айлык температурасы 4°Сден 24°Сге чейин, жылдык жаан-чачын 600- 1200 мм. Кызгылт-кара топурактуу. Талаа өсүмдүктөрү, сейрек токой жана бадал өсөт. Мелүүн алкактын Токойлуу талаа зоналары Евразияда (Орто Дунай ойдуңунан Алтайга чейин; ошондой эле Сибирдин түштүгү, Чыгыш жана Кытайдын түндүк-чыгышында), түндүк Америкада (Улуу түздүктөрдүн түндүгү, Борбордук түздүктөрдүн батышы) таралган.

Түштүк жарым шарда кезикпейт. Климаты мелуун континенттик.

Январдын орт. температурасы -5°Сден төмөн, июлдуку 18-25°С, жылдык жаан-чачыны 400-1000 мм. Токой (жазы жана ийне жалбырактуу), чөп (шалбаалуу талаа жана прерия) өсүмдүктөрү өсөт. Боз токой жана кара топурактуу. Токой жана талаага мүнөздүү айбанаттар мекендейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.