Түркмөнстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарында

Түркмөнстан 2020 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 4 түрү боюнча 9 спортчусу менен катышат[1][2]. Түркмөнстан эгемен тарыхында жетинчи жолу катары менен олимпиада оюндарына катышуусу.

Туусу, оюндарда колдонулат
ЭОК коду:TKM
УОК:Түркмөнстан улуттук олимпиада комитети
Токиодогу Олимпиада оюндары
Спортчулар 9  спортчу 4 спорттун түрү боюнча
Туучу Гүлбадам Бабамуратова
Мердан Атаев
Медалдар Алтын Күмүш Коло Баардыгы
'

0


1


0


1
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу
1996  • 2000  • 2004  • 2008 • 2012  • 2016  • 2020
О. эле

Жайкы Олимпиада оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын Токио шаарында өтүшү керек эле, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам 2021-жылга жылдырган[3]. Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августка чейин Токио шаарында өтөт.

Олимпиаданын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун дзюдо боюнча спортчу Гүлбадам Бабамуратова менен суучул Мердан Атаев көтөрүп чыккан. Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн мындан кийин тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечимди кабыл алган[4].

Түркмөнстан Олимпиада тарыхындагы алгачкы медалын 27-июлда алган. Өлкөгө күмүш медалды оор атлетика боюнча спортчу Полина Гурьева алып келген[5]. Буга чейин КМШ өлкөлөрүнүн арасында Олимпиада оюндарынан бир да медал албаган жалгыз өлкө болгон[6].

Медалдар түзөтүү

Медалчылар түзөтүү

Күмүш
Медаль Спортчулар Спорттун түрү Спорттун багыты Датасы
1   Полина Гурьева   Оор атлетика 60 кг чейин, эркектер 27-июль

Спорттун түрү боюнча медалдар түзөтүү

Спорт боюнча медалдар
  Алтын  Күмүш  Коло  Баардыгы
Оор атлетика 0 1 0 1


Катышуучу курамдары түзөтүү

Түркмөнстандын спорттук курамдары
N Спортчулар Спорттун түрү Спорттун багыты
1 Гүлбадам Бабамуратова   Дзюдо — 52 кг
2 Мерген Маммедов   Жеңил атлетика метан ыргытуу
3 Хожамухаммед Тойчиев  Оор атлетика
109 кг
4 Овез Овезов — 109 кг
5 Режепбай Режепов — 81 кг
6 Полина Гурьева — 59 кг
7 Кристина Шерметова — 55 кг
8 Дарья Семёнова   Сууда сүзүү 100м брасс
9 Мердан Атаев 100 м
200 м


Эскермелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү