Филипп Киркоров (болг. Фи́лип Бедро́сов Кирко́ров, паспорту боюнча — Филипп Бедрос Киркоров; 30 апрель 1967, Варна, Болгария) — Советтик жана орусиялык эстрада ырчысы жана актёр, композитор, продюсер.

Филипп Киркоров
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Филипп Бедрос Киркоров

Толук ысымы

Киркоров Филипп Бедросович

Туулган датасы

30 -апрель 1967(1967-04-30) (56 жаш)

Туулган жери

Варна, Болгария

Өлкө

 Болгария
 ССРС
 Орусия

Кесиптери

ырчы, актёр, продюсер , композитор

Аспаптары

Гитара

Жанрлары

Поп-музыка

Активдүү жылдары

1985 — азыркы учурда

Кызматташтык

Ани Лорак, Сакис Рувас, Анна Нетребко, Анастасия Стоцкая

Автографы

[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]]

kirkorov.ru

Өмүр баяны түзөтүү

Филипп теги армян болгон болгар ырчысы Бедрос Киркоровдун үй-бүлөсүндө, 1967-жылы жарык дүйнөгө келген. 5 жашынан тарта эле ата-энесин ээрчип, гастролдордо жүргөн. Музыкалык окуу жайды 21 жашында артыкчылык менен бүтүргөн. Бирок чыгармачылык жолун андан 3 жыл мурун эле баштаган болот. 1985-жылы болгар тилиндеги “Алёша” деген ыры менен биринчи жолу көгүлтүр экранга чыккан. Ошондон кийин чыгармачылык чыйыры башталат. 1987-жылы акын Илья Резник менен таанышат. Экөө тил табышып кетет да, Илья жаш ырчыга чоң жардам көрсөткөн биринчи адам болуп калат.

Жеке жашоосу түзөтүү

1988-жылы Илья Резниктин кечесинде Филипп Алла Пугачёва менен жолугушат. Бул жылы ырчы биринчи клибин тартып, Ялтада өткөн сынакта жеңишке жетишет. Ошондон тарта Алла Пугачёва менен биргеликте иштей баштайт. 1992-жылы АКШга, Канадага, Германияга гастролго ийгиликтүү барып келет. 1994-жылы Киркоровдун жашоосунда чоң бурулуш болот. Башкача айтканда, орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёвага үйлөнүп, 15-март күнү нике күбөлүгүн алышат. Салтанат Санкт-Петербург шаарында өтүп, никеге катталууну ошол кездеги шаардын мэри Анатолий Собчак өзү көзөмөлдөйт. Ошол мезгилден баштап экөөнүн сүйүүсү ташкындап, коомчулукта эң көп сөз болгон жан шериктерге айланышат. Экөө он жылдан ашык чогуу өмүр сүрүп, 2005-жылы ажырашышкан. Мунун так себеби айтылбай келет. Филипптен сураганда: “Биз ажырашкан жокпуз. Мен Алланын ишенген эң жакын мырзасы болуп кала берем. Ал эми паспорттогу ажырашуу мындай эле, башка үйлөнбөйм”,- деп жооп берген. Ал эми ажырашуу боюнча чечимди ЗАГСтан алуу үчүн Пугачёва белгилүү телеалпаруучу Максим Галкин менен келген болсо, Филипп жалгыз барган. Нике күбөлүгүн алгандан кийин, ажырашууну “жууш” үчүн Алла Галкин менен ресторанга жөнөгөн. Ал эми Киркоров маанайы суз үйүнө кайткан.

Жаңжалдары түзөтүү

  • 1997-жылы. Концертте ырдап жаткан жеринен сахнага чыккан күйөрман кызды бетке бир муштап, ырын уланта берген.
  • 1998-жылы. Пенза шаары. Концерт убагы. Камерага тартып жаткан оператор тоскоол болгону үчүн колундагы гүлдесте менен аны башка чаап жиберген.
  • 2004-жылы Ростов-на-Дону шаарында маалымат жыйын берип жатып. Ыңгайсыз суроо берген журналист кызды ата-жотосуна чейин сөгүп салган. Ал үчүн 60 миң рубль айып төлөгөн.
  • 2006-жылы Сочи шаарында өткөн концертинде мурдагы жубайы Алла Пугачёваны уят сөздөр менен мазактап ырдаган. Көрүүчүлөр да ага кошула ырдап киришкен.
  • 2008-жылы Екатеринбург шаарында Олег Адамкевич аттуу бизнесмен Киркоровго келип саламдаша коём деп, ырчынын жан сакчыларынан таяк жеген. Бул кылыктары үчүн ырчы өзү да, жан сакчылары да кечирим сурашкан эмес.
  • 2008-жылы 50 жаштагы күйөрманынын мурду Филипптин жан сакчыларынан сынган.
  • 2009-жылы Москва шаарындагы “Ролл Холл” клубунда берген ыңгайсыз суроосу үчүн журналист кызды бир жакка, камера, микрофонун экинчи тарапка ыргыткан.
  • 2009-жылы Москвадан Днепропетровск шаарына бараткан учактын ичин бир заматта рингге айлантып койгон. Жыйынтыгында эки жүргүнчүнүн бети кан жалаган.

Марина Яблоковага болгон копоол мамилеси түзөтүү

2010 жылы 6-декабрь күнү Киркоров “Алтын граммофон” салтанатынын режиссёру Марина Яблокованы бетке бир муштап, жыгылып калганда 2-3 жолу тээп жиберген. Уруштун чыгышына ырчынын бетине лампанын жарыгы ашыкча тийип жатканы себеп болгон. Режиссёр кыз жарыкты убагында ала албай калып, сөгүш угуп, анын артынан муш жеген. Жабырлануучу милицияга арыз жазып, териштирүү башталган. Киркоров бул жоругун оорусуна шылтап, коомчулук алдында: “Мындай кадамга барууга оорум себеп болду”,- деп жабырлануучудан кечирим сураган. Анын айтуусу боюнча, талма оорусу жылына бир-эки жолу кармап турат. Ошол эле күнү ден соолугун текшертүү үчүн Израилге учуп кеткен. Израилдин доктурлары 3 күн текшерип, “баары жайында” деген жыйынтык чыгарып беришкен. Бирок кесиптештери, достору анын оорулуу экенине ишенерин билдиришкен. Ал эми айтылуу ырчы Валерий Меладзе: “Биз эмне, зоопаркта же токойдобузбу? Бул эмне деген жорук?!”- деп кесиптешинин кылганын сынга алып, жаңы жылдык кечеде Киркоров менен бирге ырдоодон баш тарткан. Окуядан кийин интернет колдонуучулардын көпчүлүгү “ырчыдан Эл артисти наамын тартып алуу керек” деген пикирлерин билдиришкен . Ал эми ырчы: “Күнөөмдү жууш үчүн көчөгө чыгып коомдук иштерди жасаганга даярмын. Наоми Кэмпбэлл, Жорж Майкл сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар деле күнөөсүн ушинтип актаган”,-дейт.Жабырлануучу тарап болсо чоң муштум жылдызды мыйзам менен жазага тарттырарын айтышкан. Марина Яблокованын адвокаты Сергей Жорин: “Киркоровдун талмасы жанында алп боксчу Николай Валуев турганда кармабайт да, эмнеге аялзаты турганда кармайт?!”- деп какшыктайт.