Фор (фур fòòrà, араб فور‎; фур) — эл. Судандын түштүк-батышында, тоолу Дарфур регионунда (Джабаль Марра деген жерде) жашайт. Аз сандуу топтор Чад, Египет, БАР өлкөлөрүндө жашайт.
Жалпы саны 1,1 млн адам (2016).
Кун­га­ра, тунд­жа­ра жана дад­жу топторуна бөлүнөт.

Тил Түзөтүү

Тили — фур же конджара. Конджара Фур уясына кирет. Фур уясы гипотезалык Нил-сахара макро-үйбүлөнүн курамына кирет. Фордун көпчүлүгү араб тилин билет.

Дин Түзөтүү

Диний жактан Исламдын сүннөт багытын тутушат. Анимизмдин таасири калган.

Тарых Түзөтүү

Фор — байыркы эл. Дарфур мамлекетинде (XVI к. — 1916ж.) этникалык негизин түзгөн. Азыркы убакытта көчмөн джанджавиддер фор элине каршы генноцид жана жерлерден кууп чыгуу саясатын жүргүзүүдө. Джанджавиддер Судандын түндүгүнөн келишкен. Судандын түндүгүндө жашоого жарактуу жерлерди чөл басып кетти.

Чарбалык иштер Түзөтүү

Сугат дыйканчылык (күрүч, буудай, таруу, жашылчалар, пахта) жана малчылык (уй, кой, төө).

Кол өнөрчүлүк Түзөтүү

  • темир устачылык;
  • карапачылык;
  • зергерчилик;
  • килем токуу;
  • сөөк оюу.

Булактар Түзөтүү