Харьков облусу
Харьков облусу (укр. Харківська область) — Украинанын чыгышында облусу. Анын акимий борбору — Харьков шаары
Харьков облусу укр. Харківська область | |||
| |||
Өлкө: | |||
---|---|---|---|
Абалы: | |||
Курамында: |
7-район | ||
Акимий борбору: | |||
Түзүлгөн убакыты: | |||
Ырасмый тили: | |||
Калкы (2022): |
2 596 250 [1] | ||
Жер аянты: |
31 418 км² (5,21 %, 4 орун) | ||
Деңиз деңгээлинен бийиктиги: • Эң бийик чекити |
| ||
ISO 3166-2 коду: |
UA-63 | ||
Телефон коду: |
+380 57 | ||
Почто индекстери: |
61xxx, 62xxx, 63xxx, 64xxx | ||
Интернет-домени: |
kharkov.ua; kh.ua | ||
Унаа коду: |
АХ | ||
Ырасмый сайты |
1932-ж. 27-февралында уюшулган[2].
Бул аймак Украинанын чыгышында жайгашкан. Украинанын Луганск, Донецк, Днепропетровск, Полтава, Сумы облустары жана Орусиянын Белгород облусу менен чектешет.
Калкы Түзөтүү
2020-жылдын 1-январына карата облустун калкынын иш жүзүндөгү саны 2 658 461 адамды түзөт, анын ичинен шаар калкы – 2 158 121 адам же 81,2 %, айыл калкы – 500 340 адам же 18,8 %[3].
Аймакта калктын көп улуттуу курамы бар. Харьков облусунун калкынын басымдуу бөлүгүн (70,7%[4]) украиндер түзөт. Ошондой эле облуста орустар (25,6%), белорустар (0,5%), еврейлер (0,4%), армяндар (0,4%) жана башка улуттардын өкүлдөрү жашайт[5].
2001-жылдагы Бүткүл украиналык эл каттоого ылайык, Харьков облусунун тургундарынын көпчүлүгү (53,8%) украин тилин эне тили деп эсептешет, ал эми калктын 44,3% орус тилин эне тили деп аташкан.[6]
Административдик-аймактык түзүлүшү Түзөтүү
Харьков облусунун административдик борбору — Харьков шаары.
Райондору Түзөтүү
2020-жылдын 17-июлунда облустун жаңы 7 районго бөлүнүшү кабыл алынган[7][8]:
№ | Району | Калкы
(миң адам) |
Аянты[9] (км²) |
Акимий борбору |
---|---|---|---|---|
1 | Богодухов району | 128,4 | 4 508,1 | Богодухов ш. |
2 | Изюм району | 181,6 | 5 906,2 | Изюм ш. |
3 | Красноград району | 108,9 | 4 335,2 | Красноград ш. |
4 | Купянск району | 137,2 | 4 612,9 | Купянск ш. |
5 | Лозовая району | 154,6 | 4 027,1 | Лозовая ш. |
6 | Харьков району | 1 762,8 | 3 222,5 | Харьков ш. |
7 | Чугуев району | 202,2 | 4 804,0 | Чугуев ш. |
Райондор өз кезегинде шаардык, поселкалык жана айылдык бириккен аймактык жамааттарга бөлүнөт (укр. об'єднана територіальна громада).
Колдонулган адабияттар Түзөтүү
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
- ↑ Государственная служба статистики Украины (укр.)
- ↑ Большая советская энциклопедия Статья 77780. Харьковская область
- ↑ Чисельність наявного населення України на 1 січня 2020 року // Державна служба статистики України. Київ, 2020. Стор. 66-70
- ↑ Всеукраинская перепись населения 2001 года. Численность и состав населения Харьковской области
- ↑ Цитатанын катасы: Invalid
<ref>
tag; no text was provided for refs namedukrcensus.gov.ua2
- ↑ Языковой состав населения Харьковской области.
- ↑ Постанова Верховної Ради України «Про утворення та ліквідацію районів»(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Нові райони: карти + склад(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
- ↑ Харківська область - Райони. Текшерилген күнү 27 -январь (үчтүн айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 27 -январь (үчтүн айы) 2022.
Украинанын акимий бөлүнүшү | |||
---|---|---|---|
Облустар: | Винница облусу · Волынь облусу · Днепропетровск облусу · Донецк облусу · Житомир облусу · Закарпатье облусу · Запорожье облусу · Ивано-Франковск облусу · Киев облусу · Кировоград облусу · Луганск облусу · Львов облусу · Николаев облусу · Одесса облусу · Полтава облусу · Ровно облусу · Сумы облусу · Тернополь облусу · Харьков облусу · Херсон облусу · Хмельницкий облусу · Черкассы облусу · Чернигов облусу · Черновцы облусу | ||
Өзеркин республикасы: | Кырым Республикасы | ||
Шаарлар: | Киев · Севастополь |