Хауз
Кыргызстандын Араван районундагы айыл
Хауз — Кыргызстандын Ош облусунун Араван районундагы айыл. Төө-Моюн айыл аймагына кирет.
Айыл
Хауз
|
Кызыл-Кыя - Мархамат (Өзбекстан) унаа жолунун боюнда, дениз деңгээлинен 880 м бийиктикте жайгашкан. Райондун административдик борбору ― Араван айылынан 45 км түштүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1912-жылы пайда болгон.
Калкы негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт, дарыкана, мечит бар. Соода жайлары, базар иштейт.
Калкы
түзөтүүКалкы ― 1565 киши (2009-жылы)[1].
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4