Хачико (жапончо ハチ公 Хачико) — Хачико("хачи" - сегиз дегенди билдирет, "ко" - ханзаада же герцогду түшүндүрөт) Жапониянын ишенимдиктин жана ынактыктын белгиси болуп эсептелинет, акита-ину тукумундагы ит. (Сегиз саны Жапонияда бактылуулуктун саны болуп эсептелинет )

Хачико
Түрү:

Ит

Тукуму:

Акита-ину

Жынысы:

Кобель

Туулган датасы:

10 -ноябрь 1923(1923-11-10)

Туулган жери:

Акита префектурасы

Каза болгон датасы:

8 -март 1935(1935-03-08)

Каза болгон жери:

Сибуя

Өлкө:

 Жапон империясы

Кожоюну:

Хидэсабуро Уэно

Активдүү жылдары:

1923—1935[1]

Түсү:

Сары коңур

Жашоосу түзөтүү

Хачико дүйнөгө 1923 жылы Жетинин Айынын 10 да Жапониянын Акита префектурасында жарык дүйнөгө келген. Фермер күчүктү Токиолук университетте иштеген Хидэсабуро Уэно профессорго белек кылууну чечет. Профессор күчүккө Хачико(сегизинчи)[2]. аттуу кличка берет.

Хачико чоңойгондо, ал кожоюнунун жанынан чыкчу эмес, кожоюну кайда барса ал да жанынан чыкпай ээрчип жүрө берчү. Кожоюну күн сайын шаарга жумушка барчу, ошондуктан ит аны Сибуя бекетинин кире беришине чейин узатып барып анан кайра күндүзгү 3 тө кайрылып келип, кожоюнун тосконго ал жерге барып турчу.

1925 жылдын Бугу айынын 21де университетте профессордун инфаркты кармайт. Врачтар жашоосун сактап кала албай калышат,үйгө ал эми келбей калат. Хачико ошол учурда 18 айда болчу. Ошол күнү ал кожоюунун, ал күндүн акыр аягына чейин күтөт, бирок бекетке ар дайым, күн сайын келип, чыдамдуулук менен кожоюунун кечки киргенге чейин күтүп турат. Ал профессордун үйүнүн босогосунда түнөп турган.[3].

Профессордун туугандары жана достору өзүлөрүнүн үйлөрүнө көндүрүп, алып калышканына карабай, ал эч токтооосуз бекетке барганын такыр токтотподу. Хачиконун тырышчаактыгына суктанып, баа беришип, жергиликтүү сатуучулар жана темиржолчулар Хачикого кошумча тамак берип турушчу.

1932 жылы Токионун ири газеталарынын бирине чыккан «Жети жыл мурун[3] өлгөн кожоюунун кыйышпас досу болгон, кары ит дагы эле кожоюунун күтүп отурат» аттуу макала аркылуу Ит жалпы Жапонияга белгилүү болот. Бул окуя Жапондуктардын жүрөгүн багындырат, жана Сибуя бекетине итти көргөнгө кызыккан адамдар келе башташат.

Өлүмү түзөтүү

 
Хачиконун Аяома көрүстөнүндөгү күмбөзү, Минато-ку аймагы, Жапония

Хачико бекетке өмүрүнүн аягына чейин тогуз жыл бою келип, 1935 жылдын Жалган Куран айынын 8де каза болгон[1]. Хачиконун денесин бекеттин арыраак жеринен табышкан. Анын акыркы стадиядагы ракы жана жүрөгүнүн филяриясы болгон. Хачиконун ичинен якиторинин 4 таякчасы табылган, бирок ага карабай алар ичин жабырлантышкан эмес жана өлүмдүн себеби болгон эмес[4][5]. Анын өлүмүнөн кийин, анын үстүнө коомдук кең резонанстан кийин, өлкөдө траур күнү жарыяланган.

Эскерүү түзөтүү

 
Улуттук илимдер музейиндеги Хачиконун кеби, Уэно, Токио.

Хачиконун сөөгү кеп түрүндө Улуттук Илимдер Музейинде, сакталууда (Уэно, Токио, Жапония)[6][7] Сөөктөрдүн калган бөлүгү өрттөлүп, күлү Аяома көрүстөнү, Минато-ку аймагында, Токио көмүлгөн. Жана дагы Хачикого Жапонияынын виртуалдык үй жаныбарлар көрүстөнүндө Archived 2018-10-26 at the Wayback Machine ардактуу орунду алган.

Орусияда да Хачикого арналып Тольятти (Самара облусунда) шаарында да айкели тургузулган.

Коло эстеликтери түзөтүү

1934 жылдын Чын Куран айында Хачиконун түспөлүнө карап Сибуя бекетинде (35 ° 39'32 .6 "N 139 ° 42'2 .1" E) айкели тургузулган, Хачиконун өзү ал ачылышта болгон. Айкел Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бузулуп аскердик керектөөлөргө чектелип кеткен. Бирок Жапония Хачикону унуткан эмес, согуш бүткөндөн кийин 1948 жылдын Баш оона айында эстелик кайра тургузулган. Азыр Хачиконун эстелиги Сибуя бекетинде сүйүшкөндөрдүн жолугушкан жери, а иттин түрү Жапонияда чын жүрөктүн сүйүүсү жана ишенимдиктин үлгүсү болуп калды[2].. 1948 жылы айкелин Кайра тургузуу уюму биринчи жасаган сүрөтчүнүн баласы аркылуу экинчи жасалган айкелин тургузушкан. Айкел тургузулганда, ачылыш аземи да болгон. Жаңы айкел 1948 жылдын Сегизинчи айында тургузулган, ал жер аябагандай популярдуу жолугушуучу жер болуп саналат. Бекетке кире бериш жер "Хачико-гути" деп аталат, жана ал "Хачико кирүү/ чыгуу" дегенди билдирип Сибуя бекетинин беш чыгуу жайларынын бири болот.

Хачиконун айкели анын туулган шаарындагы Odate бекетининин маңдайында турат.

Хачико күткөн так өзүнүн оорду бекетте дайыма бронзалык издер менен буттары жана жапон тилиндеги сөздөрдү камтыган тактар чегерилген.

Жыл сайын өтчү церемония түзөтүү

Ар жыл сайын Чын Куран айынын 8де, Токиодогу Сибуя темир жол бекетинин алдында Хачикону эскерүү церемониясы болуп турат. Жүздөгөн ит сүйүүчүлөр Хачиконун ишенимдигин эстеп эскерип турушат.

Маданиятка таасири түзөтүү

 
Ошол убакыттагы Сибуя бекети

Хачиконун өмүр баянында 1987 жылы «Хачико тарыхы» (жап. ハチ公物語) жана 2009 жылы «Хачико: Ишенимдүү дос» тасмалары тартылган.

 
Хатиоконун бизге белгилүү болгон, эң акыркы сүрөтү. Сүрөттө ээсин жубайы Яэко Уэно(биринчи катар, оң тараптан экинчи) жана бекеттин персоналы 1935 жылдын Жалган Куран айынын 8де

Хачи: Ит жөнүндө баян түзөтүү

«Хачи: Ит жөнүндө баян» (англ. Hachi: A Dog's Tale) — Лассе Халлстрөмдүн Хачиконун чыныгы жашоосунан алынган көркөм тасмасы. Тасма 1987 жылы чыккан жапондордун тасмасынын ремейки болуп саналат. Тасманын сценарийин Стивен Линдси жазган. Башкы ролдорду Ричард Гир, Жоан Аллен жана Сара Ремер аткарышкан. Тасма 2009 жылдын Баш оона айынын 8де Жапонияда чыккан.

Дагы караңыздар түзөтүү

Эскертмелер түзөтүү

  1. 1.0 1.1 Hollywood the latest to fall for tale of Hachiko, The Japan Times (25.06.2009). Архивировано из первоисточника 5 -декабрь (бештин айы) 2012. Текшерилген күнү 1 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  2. 2.0 2.1 Встретимся у Хачико. Түп булактан архивделген күнү 28 -март (жалган куран) 2012.
  3. 3.0 3.1 Шапарева Г. Верный друг из страны Восходящего Солнца. Түп булактан архивделген күнү 22 -февраль (бирдин айы) 2012.
  4. Mystery solved in death of legendary Japanese dog http://news.yahoo.com/s/ap/as_japan_faithful_dog;_ylt=At0NVbKjJVZspKka4VTiGfts_KF4;_ylu=X3oDMTM0dTBkOHFtBGFzc2V0A2FwLzIwMTEwMzAyL2FzX2phcGFuX2ZhaXRoZnVsX2RvZwRjY29kZQNwemJ1cgRjcG9zAzEEcG9zAzEEc2VjA3luX3RvcF9zdG9yaWVzBHNsawNteXN0ZXJ5c29sdmU-(жеткиликсиз шилтеме)
  5. Associated Press, "Worms, not skewer, did in Hachiko", Japan Times, 4 March 2011, p. 1.
  6. Opening of the completely refurbished Japan Gallery of National Museum of Nature and Science Archived 2007-06-30 at the Wayback Machine "In addition to the best-loved specimens of the previous permanent exhibitions, such as the faithful dog Hachikō, the Antarctic explorer dog Jiro and Futabasaurus suzukii, a plesiosaurus native to Japan, the new exhibits feature a wide array of newly displayed items." 2007 Улуттук Илим Музейи, Уэно, Токио.
  7. A History Of The Akita Dog. Akita Learning Center. Текшерилген күнү 6 -май (бугу) 2011. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2012.

Сырткы шилтемелер түзөтүү