Хива хандыгы
Хива хандыгы же Хорезм хандыгы, өз атагы ― Хорезм ― 1512―1920-жылдары Борбордук Азиядагы Хорезм тарыхый аймагында жайгашкан мамлекет.
1512-ж. өзбек ханы Элбарс негиздеген. Хандыкка байыркы Хорезм, ошондой эле Мангышлак, Узбойдо түркмөндөр жердеген аймак жана Хорасандын түндүк бөлүгү кирген. Борбору-Вазир, Үргөнч, Хива. 16-18-кылымдын биринчи жарымында Хива хандыгынын ичинде өз ара күрөш жана Бухара, Иран менен тынымсыз согуш болуп турган. Хандыктын Россия букаралыгына өтүүгө кылган аракети ишке ашпай, аны 1740-ж. Иран басып алган. Ал 1747-ж. кайрадан өз алдынча хандык болуп, ич-ара күрөштөн кийин 1763-ж. бийликке Коцурат династиясы келген. Мухаммед-Рахимдин тушунда (1806-25) Хива хандыгын бириктируу аяктап, кубаттуу мамлекетке айланган.
1873-ж. орус аскерлери Хива хандыгын каратып, тынчтык келишими боюнча Хива хандыгы Аму-Дарыянын оң жээгинен баш тартып, Орусиянын вассалына айланган. Хива хандыгынын калкы (өзбек, туркмен, каракалпак, казак) дыйканчылык жана малчылык менен кесип кылган. Хандыкта феодалдык, мамилелер менен катар патриархалдык-уруулук, кулчулук түзүлүштүн калдыктары да сакталып, хан чексиз бийлик жүргүзгөн. Октябрь революциясынын жеңишинен кийин 1920-ж. 2-февралда көтөрүлүш чыгарган эл Кызыл Армиянын жардамы менен хан бийлигин кулатып, ошол эле жылы 26-апрелде Хорезм Элдик Советтик Республикасы жарыяланган.
Хорезм тууралуу алгачкы маалыматтар б. з. ч. 8-7-кылымга тиешелүү. Хорезмдин экономикалык жактан жогорку деңгээлде өнүккөндүгү, ошол кезде курулган ири ирригацициялык курулуштардын калдыктары ж. б. археологиялык казуулардын негизинде далилденген. Б. з. ч. 4-кылымдын ортосунда Ахемениддер, кийинчерээк Кангүй мамлекеттеринин, жаңы доордун башталышында Кушан падышалыгынын карамагында калган. 3-кылымдын аягынан Хорезмдин борбору Кят ш. болуп, хандыкты Афригиддер династиясы бийлеп (305995), өзүлөрүн «хорезм шахтары» деп атай башташкан. 712-ж. арабдар каратып, 10-кылымда аймактын борбору Үргөнч шаарына көчүрүлгөн. 11-кылымдын аягынан Хорезмди кайрадан шахтар бийлеп, ал 13-кылымда күчтүү мамлекетке айланган. 1220-ж. моңголдор каратып, көп өтпөй Алтын Ордонун курамына киргизилген. 1505-ж. Мухаммед Шейбани хандын карамагына өтүп, Аму-Дарыясынын нугу езгөргөнүнө байланыштуу 1573-ж. Хорезмдин борбору Хива шаарына көчүрүлгөн. Жергиликтүү калк аны Хорезм мамлекети деп атаган, бирок 17-кылымдан орус жана батыш европалык адабияттарда X. х. деген аталыш менен кезиге баштайт. 1740-ж. Надир шах каратып, ал өлгөндөн кийин (1747) X. х. үчүн коңурат (кунграт), маңгыт, йомуд урууларынын ортосунда күрөш жүргөн. 1770-ж. Мухаммед Амин-бий негиздеген конураттардын династиясынын курамына өтүп, Мухаммед Рахим-хан I (1806-25) тушунда хандыктын ээлиги бир кыйла кеңейген. 1873-ж. май айында Түркстан генерал-губернатору фон-Кауфман башында турган орус аскери Хива чебин талкалап, Мухаммед Рахим-хан Пни багынууга аргасыз кылган. 1873-ж. 12-августтагы Гендемиан тынчтык келишими боюнча Орусия империясынын протектораты катары таанылган. Хива хандыгы 1920-ж. жоюлган (к. Хорезм Элдик Советтик республикасы).
Булактар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4