Чабдар"Манас" эпосундагы топоним. Манас Орго канга каршы аттанганда Көкчөнүн колу Ч. жолу аркылуу жөнөйт: "Чабдар, Чарын жол менен Бара турсун эр Көкчө Жүз элүү миң кол менен" (Сагымбай Орозбаков, 2. 95). Көкөтөйдүн ашында чабылган күлүктөр Ч-дын белин ашыра айдалат (Сагымбай Орозбаков, 3. 159). Географиялык реалияда Иле Алатоосунун күнчыгыш жагындагы ашуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4