Чубактын чыры — сюжеттеги жаңы багыт, татаалдануу түйүнү. Эпостогу өзгөчө кеңири тараган жана салттык окуялардын бири.

Алмамбет менен Сыргак чалгынга аттанып кеткенден кийин кырк чоро эки бөлүнүп, бир жагына Ажыбай, экинчи жагына Кыргыл баш болуп, байгесине төрт байтал сайып ордо атууга киришет. Ордодон чыр чыгып, Бозуулдун сөзүнө териккен Ырчыуул кошунда жаткан Чубакка барып сен экөөбүздү Бозуул кордоду, сен Алмамбеттен кемсиң, ал колго кан болду, чалгынды да ал чалганы кетти, кеп-кеңешке кирбей бул жерде калдың деп чагым салат. Алакөөдөн, оолукма кыял Чубак Алмамбет кулду соём! — деп күүлөнүп аттанып, нойгуттарды баштап, чалгынга кеткендердин артынан жөнөп калды. Кароол карап туш-тушту байкап дөңдө олтурган Бакай аламандап жөнөп калгандарды көрүп, кол бузулганын билип, шашылыш келип Манаска кабар айтты. Манас ат минбесем жок, Аккуланы Чубакка тартуу тартып, колду токтот, аба! — деп Бакайдын өзүн жумшады. Ат жетелеп алдынан чыккан Бакайды, көргөн Чубак андан өтүнө албай токтоп калды. Артынан ээрчиген колун кылычтын сырты менен сабап кайра кубалап, Бакай Чубакка «бөлүнсөң бөрү жейт, жарылсаң ууру алат, Алмамбет билсең сен үчүн кызмат кылып жүрөт» — деп акылын айтты. Бакайдын жүйөөлүү сөздөрүнө муюп, жоошуп калган Чубак келип калган Манасты көрүп эрээркеп, кайра оолугуп, ага таарынычын айтты. Арманың эле чалгын чалуу болсо жүрү! — деп Манас Чубакты ээрчитип, аны Алмамбет менен Сыргакка кошуп берип келмек болуп жөнөп, чалгынчылардын артынан жете келишти. Чубак атаандашып чыр чыгарганын туйган Алмамбет баргандар сөз айта электе эле таарыныч кылып, өзүнүн элинен азган арманын айтты. Алмамбет канчалык ачуу сөздөр айтса да Чубак ага сөз кайырбады.

Күнөөсүн мойнуна алган Чубакка Алмамбет ичинен ыраазы болуп, Манаска таарынычын айтты эле, ал терикмек турмак кайра каткырып күлүп, кытайга алып барам деп жердин түбүнө алып келген окшойсуң, кечээ кечинде элим эсиме түшүп эшикке чыгып карасам жетигенди желкеден, үркөрдү кутпа жактан көрдүм. Кайда келип калгамын деп элимден үмүт үздүм. Бээжиниң бөлөкчө жер экен го. Анын жайын айтчы? — деп өтүндү. Кытайдын жайын айтып болуп, Алмамбет тарынычы жазылбай, чалгынды Чубак чалсын, мен кайра кетем — деп ордунан турду эле, Чубак аттант пай кармай көр! — деп астыртан Манаска шыбырады. Манас кармаган Алмамбет ыйбаа кылып токтоп калды. Алмамбеттин атың начар, кайра кет дегенине болбой Манас оолугуп, мен да силер менен кошо барып кытайды көрүп келем деп чалгынчылар менен аттанды. Эки күн жол жүрүп, Саястын кара сеңирине чыгып, дүрбү салып кытайдын жерин көрүштү. Алмамбет үч баатырга кытайдын эли-жери жөнүндө баяндап, киндик каны тамган жерин көрүп көзүнө жаш алды. Андан Бээжинди бет алган жолдо Алмамбет Манаска кытайлардын арасында Макел деген дөөсү бар, ошондон кооптоном, башкаларын ала жүргөм деп сыр айтты. Керегетиге кечинде жетип, өргүп калышты.

Эпизод Радлов жазып алган вариантта жок. Валиханов жазып алган эпизоддо да айтылбайт, бирок Тал-Чокуда туруп туш тарапка байкоо жүргүзгөнү эскерилет.

Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Алмамбет менен Сыргак чалгынга кеткенден кийин Алмамбет чалгын чалды, сен тең болбой оорукта калдың деген Кыргылдын көкүткөнүнөн арданган Чубак Алмамбетти жайламак болуп анын артынан жөнөйт. Алмамбетти кууп жетип, жүйө сөзгө карабай, тилдеп кирет. Экөө кылыч кезешип калган маалда Чубактын кабарын Бакайдан угуп артынан шаша жеткен Манас экөөнү арачалайт. Өчөгүшүп калган немелер бой бербей бири-бирине жулунушканда Манас экөөнө таарынат. Экөө жарашып, Манастын алдына түшүшөт. Баатырлар Тал-Чокуга чыгып, Манас дүрбү менен Таласты карап, Абыке, Көбөш чатак чыгарганын, аны Каныкей басканын көрөт. Манас Каныкейдин Ороздунун он уулунан куткарып калганын, Көзкамандар уулантып өлтүрөрдө аман алып калганын эскерет. Дүрбү менен кытай жерин, элин көрүп таң калган Манас Алмамбеттен кытайдын жайын сурайт. Алмамбет түшүндүрөт. Мурда бир нече жолу сурасам жолун билбеймин деп карганып койдуң эле, эми баарын айтасың деп Манас таарыныч кылат. Алмамбет өз жомогун — тарыхын айтат. Кытайдын жолун билем десең элди казатка аттантып азапка салар, айтпа деп касам алган Каныкейдин суроосу боюнча мурда айтпаган элем деп сөзүн бүтүрүп, Алмамбет кытайдан качып келе жатканда ушул Тал-Чокуга токтоп, кие чыккан атасынын жарым кандык чен тонун катып кеткен жерин көрсөтөт. Чубак менен Манас ошол жерде калып, Алмамбет менен Сыргак андан нары жөнөшөт.

Башка манасчылардын варианттары да айрым айырмачылыктары менен негизги эки варианттын нугунда эле айтылат. Молдобасан Мусулманкуловдун варианты,Багыш Сазановдун варианты, ТМВда Алмамбеттин тарыхы ушул Тал-Чокуда айтылып, айрым деталдык белгилерди эсепке кошпогондо салттык нукта баяндалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4