Чыныгы социализм - 19-кылымдын 40-жылдарында негизинен Германияда кеңири жайылган майда буржуазиялык социализмдин формаларынын бири. Чыныгы социализм дин идеялык уюткусу болуп 1942-жылы «Философиялык коммунизм» деген аталыш менен пайда болгон, Фейербахтын, Гегелдин философиясынын начар иштелип чыккан жактарын жана утопиялык социализмдин айрым жоболорун бириктирген, бирок саясий ишмердүүлүктүн жана демократия үчүн күрөшүүнүн зарылдыгын баса белгилеген окуу эсептелет (Гесс, Люнинг, Бернайс, Грюн). 1844-жылдагы Силездеги көтөрүлүштөн кийин «философиялык коммунизм» чыныгы социализмге айланып, анын башкы өкүлдөрү болуп Гесс, Грюн, Земмиг, Криг эсептелген.

Чыныгы социализм «философиялык коммунизмдин» эклектицизмин мурастап алган, моралга негизделген социализм тууралуу окууну иштеп чыккан, социализмдин экономикалык жана саясий негизин четке каккан, баардык таптардын ортосундагы ынтымакка чакырган, жумушчулардын майда өндүрүшчүлөргө айлануусун талап кылган, күрөштүн революциялык каражатына каршы чыккан, ашынган улутчулдукту жактаган. Чыныгы социализм майда буржуазиялык маңызга ээ болгондуктан, Германиядагы саясий күрөштүн күчөшү менен улам реакциячыл мүнөз күткөн. Маркс менен Энгельс «Немецтик идеология» (1845–46) деп аталган эмгекте «Чыныгы социализмдин» илимий мүнөздө эмес экендигин жана идеологиялык-саясий жактан алсыздыгын көрсөтүү менен аны «Коммунисттик партиянын Манифестинде» (1847–48) «...реакциячыл кызыкчылыктардын, немецтик мещандардын кызыкчылыктарын» чагылдырган окуу деп аташкан. Энгельс анын өкүлдөрүн «...немец адабиятындагы реакциячыл элементтер», – деп атоо менен чыныгы социализм реакциячыл табиятка сугарылган деп көрсөткөн. Ленин чыныгы социализмдин маани-маңызын «таптык күрөштү ж-а саясий эркиндиктин маанисин түшүнбөстүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9