«Шамбала» — Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасынын негизинде тартылган кыргыз көркөм тасмасы.

Шамбала
Shambala
Жанры

Драма

Режиссёру

Артык Сүйүндүков

Продюсери

Айзек Жангазиев

Сценарийдин
автору

Кошумча Артык Сүйүндүков,
(Негизги Чыңгыз Айтматов, Болотбек Шамшиев)

Башкы ролдордо

Артур Аманалиев
Насреддин Дубашев
Талант Апыев

Оператору

Акжол Бекболотов, Мурат Алиев

Композитору

Мурзали Жээнбаев

Кинокомпания

Кыргызфильм

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2020

IMDb

ID 14797968

Мазмуну түзөтүү

Дүйнөдөн алыс жайгашкан тоо арасындагы токой чарбасында - жети жаштагы бала жана улуу алты адам жашайт. Бала жалгыз. Балага көзөмөл салып жана ата-энелик вазыйпаны, элдик уламыштарды мыкты билген таятасы Момун алмаштырып турат. Жомоктор жана кызыктуу уламыштар дүйнөсүнөн терең таасир алган баланын дүйнөсү, улуу адамдардын реалдууу ачуу дүйнөсүнө карама каршы кабылат.

Тартылышы түзөтүү

Артыкпай Сүйүндүков аталган тасманын сценарийин узак убакыттан бери даярдаган. Повесттин негизинде тасманы тартуу үчүн жазуучунун макулдугун алганын билдирген. Ал эми тасманын оператору Мурат Алиев. "Шамбала" тасмасы Кемин, Балыкчы шаарларында жана Нарын облусунун аймагында тартылат. Режиссёр тасманын бет ачары 2019-жылы болорун билдирген.

Каармандарда түзөтүү

  • Артур Аманалиев — Шамбала
  • Насреддин Дубашев — Момун чал
  • Жамийла Сыдыкбаева — Өгөй эне
  • Талант Апыев — Ороскул
  • Зуура Бакирова — Зуура
  • Өмүрбек Нурдинов — Сейдакмат
  • Назбийке Айдарова — Кыз
  • Таалайкан Абазова — Бекей
  • Талыпжан Боронбаев — Көкөтай
  • Кубандык Камалов — ?

Сыйлыктары түзөтүү

  •   Иран — 2020-жылдын 28-31-декабрь күндөрү Иранда өткөн "Moving Film фестивалында жети сыйлыкка ээ болгон[1].
  1. «Мыкты оператор» — Акжол Бекболотов жана Мурат Алиев;
  2. «Мыкты композитор» — Мурзали Жеенбаев;
  3. «Мыкты үн режиссёру» — Бакыт Ниязалиев жана Калыбек Шерниязов;
  4. «Мыкты монтаж» — Наргиза Маматкулова, Караш Жанышов жана Элдияр Мадаким;
  5. «Мыкты грим» — Айгүл Кыдыралиева;
  6. «Мыкты костюм» — Айгүл Кыдыралиева;
  7. «Мыкты визуалдык эффект (VFX)» — Элдияр Мадаким жана Изат Абдраимов.
  •   Түркия — 2022-жылдын 3-апрелинде Түркияда өткөн "Istanbul Film Awards" фестивалда 5 сыйлыкка ээ болгон[2].
  1. «Мыкты тасма»
  2. «Мыкты баян»
  3. «Мыкты жаш актёр» (Артур Аманалиев)
  4. «Мыкты оператор»
  5. «Мыкты сценарий»

Шилтемелер түзөтүү

  1. КТРК. Фильм «Шамбала» завоевала сразу 7 наград на международном кинофестивале. www.ktrk.kg. Текшерилген күнү 3 -январь (үчтүн айы) 2022.(жеткиликсиз шилтеме)
  2. Super.kg. "Шамбала" тасмасы Түркиядагы фестивалда сыйлыкты дүңүнөн алды. www.super.kg. Текшерилген күнү 6 Апрель 2022.