Башбаракты ачуу

Даарат (арабча: طهارة - тазалануу) - таза суу менен колду чыканак менен бирге, бетти, томук (кызыл ашык) менен кошо бутту жуу жана башка масх тартуу түрүндө жүзөгө ашкан өзгөчө тазалык.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар (La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) •
Адил халифтер (رضي الله عنه.png)
Сахабалар (رضي الله عنه.png)

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Намаздын алдында даарат алуу, Түркия

Маида сүрөсүнүн 6-аятында намазга тураардан мурун даарат алуу зарылчылыгы тууралуу төмөнкчө буюрулат: «О, ыйман келтиргендер! Намазга турганыңарда жүзүңөрдү жана колуңарды чыканакка чейин жуугула, башыңарга масх тарткыла (т.а. сууланган ным колуңар менен сылагыла), бутуңарды томукка (кызыл ашыкка) чейин жуугула». (Маида сүрөсү, 5/6). Азирети Мухаммад (саллаллааху алеихи ва саллам) Паигамбарыбыз да дааратсыз окулган намаздын жараксыз болгондугу жөнүндө бир топ куттуу хадистеринде аитып кеткен. Ислам аалымдары Куран менен Сүннөткө таянуу менен намаз окуу үчүн даарат алуу ар бир мусулман адамга парз болгондугун бир пикирден кабылдашкан.
Даарат – баарыдан мурда ар түрдүү материалдык жана рухании ыплас-кирлерден оолак болуу үчүн Ислам дини талап кылган өзгөчө мааниге ээ тазалык болуп эсептелет. Микроптордун көбөиүүсүнө өтө ыңгаилуу жер бул ооз. Ооздон баштап бети-колду жана бутту күндө беш маал жуунун өзү эле дин Исламдын тазалыкка берген маанисин айгинелеп турат. Ырас, даараттын негизги максаты – бул Аллага ибадат кылуу үчүн пенденин рухании жактан даярданышында жатат. Даарат алган адам өзгөчө руханий жактан өзүн таза жана сергек сезет. Ал мына ушундаи таза сезим менен Аллага ибадат кылууга турат. Ибадат кылуу максатында жаралган адам баласы берегидеи тазалануу менен Аллага ибадат кылуудан алган рухии жаназыкты, беипилдикти сөз менен түшүндүрүү оголе оор.Даарат алуу менен эки дүинө бактысы талап кылган көптөгөн жакшылык артыкчылыктарга ээ болууга болот.
Ардактуу Мухаммад (саллаллааху алеихи ва саллам) Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Бир мусулман адам даарат алып жүзүн жууганда жүзү (менен) иштеген бардык күнөөлөрү, колу-бутун жууганда колу-буту менен кылган бардык катачылыктары суу тамчылары менен бирге агып кетет да, таптаза болот. А түгүл кирпиктери менен тырмактарынын түбүндөгү күнөөлөрдөн да эч нерсе калбаит. Даараттын адеп-шарттары менен даарат алып бүтүп, кыбылага карап: «Ашхаду ан лаа илааха иллаллаах, лаа шариика лаху. Ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва Расуулуху» деген адам үчүн беииштин эшиктери ачылат. Ал адам каалаган эшигинен беиишке кирет». (Муслим, Тахарат, 32, 33; Тирмизи, Тахарат, 2) Азирети Паигамбарыбыз (саллаллааху алеихи ва саллам) даиыма даарат менен жүрүүгө өзгөчө көңүл бөлө турган. Андыктан биз дагы Паигамбарыбыздын ак сүннөтүн аткарып ар даиым даарат менен жүрүүгө аракет кылуубуз абзел.

Даараттын парздарыОңдоо

Даараттын парздары аятта көрсөтүлгөн. Даараттын парздарынан бири аткарылбаса, анда ал даарат жараксыз болуп эсептелет. Даараттын парздары төртөө. Алар:

1. Бетти жуу.
2. Колду чыканак менен кошо жуу.
3. Баштын төрттөн бир бөлүгүнө масх тартуу.
4. Бутту томук менен кошо жуу.

Бет: Чач чыккан жерден баштап ээктин астына чеиин жана кулактардын түбүнө чеиинки аралык бет болуп эсептелет. Сакал менен кулактын ортосундагы түксүз аралык да бетке кирет. Демек, ал жерди да жууш керек. Эгер сакал коюу болсо сакалды сылап койсо жетиштүү болот. Мындай учурда сакалдын астын (терини) жуу зарылчылыгы жок. Кол чыканак менен кошо жуулат. Манжада шакек болсо, анын алдын жууш керек. Бутту томук менен кошо жууш керек. Аятта «каабаин» деп эки томуктун аталышы бутту томук менен кошо жууга ишарат жасаит. Паигамбарыбыз(саллаллааху алеихи ва саллам) даарат алуу учрунда бутун кылдаттык менен жуубаган бир адамга: «эх-х, ошол тозок отунда азап тарта турган томуктарга...» деп эскертүү берген (Бухари, Вудуу, 27, 29; Муслим, Тахара, 25-28). Көптөгөн куттуу хадистерде Паигамбарыбыз даарат алганда даиыма бутун томуктары менен кошо жуугандыгы аитылат. Мына ошондуктан төрт укуктук агымдын (ахли сүннөт вал жамаат) аалымдары бутту жуу парз, ал эми жылаңайлак бутка масх тартуу жараксыз болгондугун бир ооздон кабылдашкан. Даарат алуу учурунда (жуулушу зарыл мүчөлөрдө) кургак жер калтырбоо кажет. Сууну териге өткөрбөи турган нерселер дааратка терс таасирин тийгизет. Бирок, кандаидыр бир үзүр-себептен улам сууну териге өткөзбөгөн нерселер дааратка зыян бербеит. Маселен, иштеген жумушунан улам даарат алуу учурунда сууну териге өктөрбөгөн нерселерди (м: боек) алгач мүмкүнчүлүктүн жетишинче кетирүүгө аракет кылуу кажет. Эгер териге жабышып калган боек толук кетпесе, ашкере кыиналуунун кажети жок. Буга малярларды (боекчулар), усталарды мисал келтирүүгө болот.

Даараттын сүннөттөрүОңдоо


1. Дааратты «Бисмиллах» менен баштоо.
2. Даарат алууга ниет кылуу.
3. Колду билекке чеиин үч жолу жуу.
4. Мазмаза жана истиншак. (Мазмаза – бул оозго суу алып чайкоо. Истиншак – мурунга суу алуу.)
5. (Мисвак менен) тишти жуу.
6. Даарат мүчөлөрүн аятта айтылган ирээти боюнча жуу.
7. Дааратты оң жактан баштоо.
8. Даарат мүчөлөрүн үч жолудан жуу.
9. Колу-бутту манжалардын учунан баштап жуу.
10. Манжаларды салаалоо. Манжалардын араларын жышуу.
11. Сууну муруттун, каштын астына чейин жеткирүү.
12. Башка толук масх тартуу. Эки кол суулангандан кииин үч манжаны (чыпалак, аты жок жана ортон манжаларды) учма-уч келтирип, маңдаидан артты көздөи тартып, алакан менен каира желке жактан астыга караи (баштын каптал тарабын) сылоо менен башка толук масх тартылган болот.
13. Кулакка жана моюнга масх тартуу. Кээ бир жазма булактарда моюнга масх тартуу мустахап болуп эсептелет.
14. Даарат мүчөлөрүн жышып жуу.
15. Даарат мүчөлөрүн (биринен сала бирин) үзгүлтүксүз жуу.

Даараттын тартиптериОңдоо


Даараттын парз-сүннөттөрүнүн дагы да толук болушу үчүн зарыл жагдайлар «даараттын адептери» деп аталат. Даараттын негизги адептери төмөнкүлөр:

1. Мүмкүн болсо, даарат алуу учурунда кыбылага бет алуу.
2. Даарат учурунда сууну этият колдонуу. Сууну кийимге чачыратпоого аракет кылуу.
3. Адам менен сүйлөшпөө.
4. Даарат алууда (себепсиз) бирөөдөн жардам сурабоо.
5. Оозго оң кол менен суу алуу.
6. Мурунга оң кол менен суу алып, сол кол менен чимкирүү
7. Сууну ысырап кылбоо.
8. Даарат алгандан кийин «Ашхаду ан лаа илааха иллаллах, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху» деп шахадат келмесин айтуу.
9. Таза жерде даарат алуу.

Даараттын алынышыОңдоо

Даарат ала турган адам алгач даарат алууга ниет кылат. Андан соң «Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиим» деп, эки колун билекке чеиин жууйт. Үч жолу оң колу менен менен оозуна суу алып чаикап, кайра түкүрөт. Андан кииин үч жолу оң колу менен мурунга суу алып, сол колу менен чимкирет. Кииин үч жолу бетин жууйт. Эгер сакалы болсо манжаларын сакалынын арасына киргизип, сакалын салаалаит. Алгач оң, андан кииин сол колун чыканактары менен кошо үч жолу жууит. Андан соң башына, кулактарына жана моинуна масх тартат. Сол колу менен бутун манжаларынын учтарынан баштап томукту кошо үч жолу жууит. Мында да алгач оң бут, анан сол бут жуулат. Бут манжаларынын салааларында кургак жер калбашы керек. Анүчүн бут манжаларынын салааларын жакшылап жуу зарыл. Даарат алып бүткөндөн кииин күбөлүк (шахадат) келмесин айтуу абзел.

Дааратты жараксыз абалга алып келген жагдайларОңдоо

Төмөнкү учурларда даарат бузулат:

1. Заң, заара, урук суюктуктары (сперм, мази сыяктуу), кан жана башка ушул нерселер сыяктуу ыплас нерселердин чыгышы дааратты жараксыз абалга алып келет.

Ошондой эле желдин чыгышы да дааратты бузат.

2. Дененин тигил же бул жеринен кан, ириң сыяктуу нерселердин чыгып жайылышы дааратты бузат. Мындаи нерселер чыккан жеринин тегерегине жаиылбаса (тарабаса) даарат бузулбайт. Ооздон чыккан кан түкүрүк менен бирдей, же түкүрүктөн көп болсо дааратты бузат. Эгер андан аз болсо даарат бузулбаит.
3. Ооз толо кусуу. Аз-аздан болсо да удаама-удаа келген кусундулар ооз толо турган өлчөмгө жетсе, дааратты бузат.
4. Эстен тануу, акылдан ажыроо, мас болуу жана уктоо. Мындай абалдарда даарат бузулат. Эч нерсе билбеи калгандаи уикуга кирбестен, бираз көзү илинип кеткен адам даараты бузулбаганына кескин түрдө ишенсе, даараты бузулбаган болот. Ошондои эле намаз учурундагы уикусуроолор да дааратты бузбайт. Анткени, намазда туруунун өзү эле даараттын бузулбашына шарт түзөт. Бирок ошону менен катар өзүн билбеи кала турган даражада уктап калган адамдын даараты бузулган болот.
5. Намаз учурунда жанындагы адамга угула тургандаи үн менен күлгөн адамдын даараты бузулат. Куттуу хадистердин биринде, намазда күлгөн адамдын каирадан даарат алып, намаз окушу талап кылынган.
6. Жыныстык катнашта болуу.
7. Дааратка тиешелүү үзүр абалдарынын аякташы. Демек, тайаммум алган адам суу көрсө, же тапса, ошондой эле, маасыга тартылган масхтын мөөнөтү бүтсө, даарат бузулган болот.
8. Аял кишинин көз жарышы (бала төрөшү).

Даараттын макрухтөрүОңдоо

Дааратты жараксыз кылбаса да, орундуу болбогон (жакшы эмес) нерселер даараттын макрухтөрү болуп саналат. Аларды төмөнкүчө тизмелөөгө болот (булар «танзихан-жеңил» макирөөлөр):

1. Даарат учурунда ашыкча суу колдонуу, сууну ысырап кылуу.
2. Сууну бетке чаап жуу.
3. Даарат алуу учурунда муктаждык болбосо да, бирөөдөн жардам суроо.
4. Таза эмес, ыплас жерлерде даарат алуу.
5. Орозо учурунда ооз-мурунга суу алууда этиятсыз аракет кылуу

Үзүрлүү (себептүү) адамдын дааратыОңдоо

Тигил же бул намаз убагынын аралыгында дааратты бузуучу нерселерден бири үзгүлтүксүз келип турса, анда ал адам үзүрлүү болуп эсептелет. Маселен, буга зааранын тез-тезден келиши, жаранын тез-тез канап турушу, аял кишиден аиыз (этек кири) жана нифас (төрөттөн кииин келе турган кан) абалдарынан сырткаркы учурларда токтобои келген суюктугу сыяктуу абалдарды мисал келтирүүгө болот. Мына ушундаи үзүрлүү адам тигил же бул намаздын убагы киргенде даарат алса, ошол намаздын убагы чыкканга чеиин даараттуу болуп эсептелет. Бул жерде эскерте кетчү жагдаи, ал адамдан үзүрүнөн (м: заарадан) сырткары дааратты буза турган нерселер чыга турган болсо, даарат бузулган болот.

Үзүрлүү адам даарат алган соң (намаз убагы чыкканга чеиин) каалаганынча парз, важип жана напил намаздарын окуса болот. Ошондои эле ал Каабаны таваф кыла да, Куранды колго алып кармаи да алат.

Өкүм өңүтүнөн даараттын түрлөрүОңдоо

1. Парз болгон даарат:

Намаз окуй турган адам даараты жок болсо даарат алышы парз. Ошондой эле тилават саждасына жыгыла турган адам үчүн даарат талап кылынат. Ыйык Куранды колго алып кармаи турган адам үчүн да даарат алуу парз болуп эсептелет.:

2. Важип болгон даарат:

Каабаны таваф кылуу үчүн даарат алуу Имам Азам агымы боюнча, важип болуп эсептелет.:

3. Мандуп болгон даарат:

Даиыма даарат менен жүрүү, Ошондой эле азан жана коомат аитуу үчүн да даарат алуу даараты болсо да, ар бир намаз үчүн өзүнчө даарат алуу мандуп болуп эсептелет.

4. Даарат алгандан кииин ибадат кылбаи жана эч кандаи зарылчылыкболбои туруп кайрадан даарат алуу аалымдар тарабынан танзихан макирөө катары кабылданат.
5. Уурдалып, же каракталып алынган суу менен даарат алуу «арам» болоорун айткан аалымдар бар.

Дааратты жараксыз абалга алып келбеген жагдайларОңдоо

Ыйлаганда, же күлгөн кезде көздөн чыккан жаш: Жарадан чыкпаган кан же ириң : Жаранын кургап калган кабыгынын түшүшү : Ооз толо болбогон аз кусунду: Чиркей, бит, бүргө сыяктуу майда жандыктардын чагышы: Эркек адам менен аялдын бири-бирине денелеринин тийиши дааратты бузбайт.: Тырмак алуу: Кырынуу (сакал-мурут алуу).: Жыныстык мүчөнү кармоо: Ооздо же мурунда калып калган уюган кандын түкүрөккө аралашып чыгышы.:

Колдонулган адабияттарОңдоо

Абдуррахман Хачкалы (Фикх илиминин доктору) "Кыскача Ислам негиздери (Мухтасар Ислам илмихалы)" Published by Erkam Publications at Smashwords Copyright © 2011 by Osman Nuri Topbas

Интернеттеги шилтемелерОңдоо