Шоро-Башат
Шоро-Башат («шор суунун башаты» деген маанини камтыйт) — Кыргызстандын Ош облусунун Өзгөн районундагы айыл. Төрт-Көл айыл аймагынын административдик борбору.
Айыл
Шоро-Башат
|
Өзгөн шаарынан 10 км түштүк-батышта Жазы дарыясынын оң өйүзүндө жайгашкан. Ош—Бишкек жолунун 600-километринде, Өзгөн менен Жалал-Абад шаарларынын арасында жайгашкан.
Тарых
түзөтүүШоро-Башат айылында Шоробашат маданияты табылган. Шоробашат маданияты биздин заманга чейин 4—1-кылымдарга таандык археологиялык эстелик.
Калк
түзөтүүКалкы — 4764 киши (2009-жылы), негизинен айыл чарбасы жана мал чарбачылык менен алектенишет[1]. Көптөгөн Акжуаз дыйкандардын кызматында.
Инфратүзүм
түзөтүүАйылда Эрназар атындагы мечит, Тагай Асранов атындагы орто мектеп жана Караханид лицейи жана спорттук зал иштеп келет. Айылдын атактуу кишилери жазуучу жана публицист
Атактуу инсандар
түзөтүүПазылов Абибилла — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Булактар
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.