Алмамбет Шыкмаматов

Шыкмаматов, Алмамбет Насырканович‎»‎ барагынан багытталды)

Алмамбет Насырканович Шыкмаматов (21-октябрь 1969, Фрунзе, Кыргыз ССР, СССР) — кыргызстандык мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, КР адилет министри (2011-2015), мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси

Шыкмаматов Алмамбет Насырканович
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын адилет министри
декабрь 2011-жыл — февраль 2015-жыл
Президент: Алмазбек Атамбаев
Андан мурунку: Абылай Мухамеджанов
Андан кийинки: Жылдыз Мамбеталиева
 
Туулган жылы: 21 -октябрь 1969(1969-10-21) (54 жаш)
Туулган жери: Фрунзе
Балдары: партиясы=Ата-Мекен
Билими: жогорку,
Кесиби: юрист
Ишмердүүлүгү: Жогорку Кеңештин депутаты
 
Сыйлыктары:

"Даңк" медалы

Өмүр баяны түзөтүү

Алмамбет Насырканович Шыкмаматов 1969-жылы 21-октябрда Кыргыз ССРинин борбору Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Теги – кыргыз. Үй-бүлөлүү, 3 уул-кыздын атасы.

Билими түзөтүү

1987-жылы Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Жаңы-Арык кыштагында (мурдагы “Кызарт” совхозунда) орто мектепти аяктаган.

1994-жылы Бишкек гуманитардык университетин "Орус тили жана адабияты" адистиги боюнча бүтүргөн.

2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

ОФ Президентине караштуу мамлекеттик кызмат Академиясынын 5-курсунун угуучусу болгон. Адистиги - "Мамлекеттик кызмат жана кадрдык саясат" (Москва шаары, Орусия).

Эмгек жолу түзөтүү

1999 – 2002 -жж. — Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда соттук аткаруучу.

2002 – 2003 -жж. — КР Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлктү каттоо мамлекеттик агенттигинде башкы адис.

2003 – 2004-жж. — Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда кеңешчи (соттун жардамчысы).

2004 – 2005-жж. — КР Жогорку Сотунун Аппаратынын жарандык иштер боюнча бөлүмүндө ага кеңешчи.

2005 – 2007 -жж.— КР ЖК төрагасынын жардамчысы.

апрель 2010 — июль, 2010 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу.

июль 2010 — декабрь 2010 — Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы.

март 2011 — декабрь 2011 — КР Эсеп палатасынын аудитору.

декабрь 2011?— февраль 2015 — КР Адилет министри.

2015-жылдын 4-октябрында «Ата Мекен» партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик курулуш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Коомдук турмуштагы көрүнүштөр тууралуу пикирлери түзөтүү

Тыңшоолорго уруксат берүү боюнча мыйзам тууралуу ою:

"Баш мыйзамда ар бир адамдын жеке жашоосунун купуялуулугу сакталыш керек, аны коргоо укугу бар деп дапдаана жазылып турат. Анан биз жапырт эле тыңшасак туура эмес болуп калат. Ар бир адамдын үй-бүлөсүнүн, өзүнүн купуя сырлары бар. Аны бузуп салышыбыз мүмкүн. Анан бул эл аралык коомчулуктун сынына да кабылышы мүмкүн".

Наамдары жана сыйлыктары түзөтүү

Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 388-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү