Ысык-Көл шеринеси, Ысык-Көл форуму (Иссык-Кульский форум, the Ysyk-Kol Forum) – кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу ж-а коомдук ишмер, маркум Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) демилгеси м-н 1986-ж. октябрда түзүлгөн өкмөттүк эмес эл аралык уюм.

Ага планетанын азыркы абалы ж-а келечеги ж-дө интеллектуалдык ой-толгоолорун ортого салуу үчүн ынтызарланган дүйнөгө таанымал чыгармачыл инсандар (жазуучу, окумуштуу, актёр, сүрөтчү, коомдук ишмер) чогулган.

Ысык-Көл шеринесинин катышуучуларын алгачкы жыйыны Кыргызстанда (Аларча, Чолпоната) өткөн, кийинки жыйындары жылына бир жолу, шеринеге катышуучулар тиешелүү болгон өлкөлөрдө, кезеги менен өткөрүлүп келе жатат. Бул шерненин биринчи отурушуна дүйнөгө белгилүү төмөнкү ишмерлер катышкан: жазуучу жана актер Питер Устинов (Улуу Британия), футурологокумуштуулар Олвин жана Хейди Тоффлерлер (АКШ), сүрөтчү Афеверк Текле (Эфиопия), Рим клубунун төрагасы А. Кинг, жазуучу, Нобель сыйлыгынын ээси Клод Симон (Франция), анын калемдештери Артур Миллер менен Жеймс Боддуин – экөө тең АКШдан, Лисандро Отеро (Куба), Яшар Кемал (Түркия), ЮНЕСКОнун Генералдык секретары Федерико Майор (Испания), физик Аугусто Форти (Италия) ж. б.

Ысык-Көл шеринесинин катышуучулары дүйнөлүк коомчулукка XXI к. – «Планетанын кылымы», «Чыгармачылыктын кылымы» деп жарыялашкан.

Бул мурда болуп көрбөгөндөй жаңы идеяларды тутандырган «акылдын чабуулу» сыяктуу жолугушуу болгон. Жолугушуунун урааны – “Чыгармачылык аркылуу аман калуу», «өсүп-өнүгүү». Таланттуу жана каарман адамдардын биргелешкен күч-аракеттери өтө кызыктуу жана терең акылман демилгени: үчүнчү миң жылдыкты тынчтыктын, гумандуулуктун жана түзүүчүлүктүн салтанаты катары тосуп алууга бүткүл планетабыздын даярдык көрүү идеясын; адамзаттын бейкут жашоосун камсыз кылуусун жактырабыз!"

Анын президенти – Ч. Айтматов болгон.

Ысык-Көл шеринесинин катышуучулары элге, маданият ишмерлерине ж-а бийликтегилерге 21-кылымды эч согуш алааматы болбой турган ”чыгармачылыктын кылымына” айландыруу чакырыгы м-н кайрылышкан.

21-кылымдагы шерине түзөтүү

Учурда "Ысык-Көл" шеринесин жандантуу далаалаттары дүрүүдө.


Колдонулган эмгектер түзөтүү

  • Б.Урстанбеков, Т. Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – 1990. - (ISBN 5-89750-028-2).
  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9
  • The Issyk-Kul forum: a new way of thinking, Novosti Press Agency Pub. House, 1987. - 54 pages.
  • Кто есть кто в мировой политике / Отв. ред. Л. П. Кравченко. — М.: Политиздат, 1990. — С. 5.

Интрнеттеги шилтемелер түзөтүү