Буюмдун эки жагына тең көркөм көчөт түшүрүү. Өрмөкчүлүктө ал — көркөм көчөт түшүрүүнүн татаал түрү. Мунун өрмөгү адаттагыдай эле курулат. Мисалы, боз үйдүн «жел боосун» (түндүк боо) согуу үчүн өрмөктөгү күзүк байланбаган жипти — сол жип (ургаачысы) дейли. Күзүк байланган жип — оң жип (эркеги) дейбиз да, эми «оң жип», «сол жип» деген терминди колдоно беребиз. Ошентип, өрмөктү сого баштаганда бир жүздүү термеде ак жипти жүгүртө баштасак, ал «сол жип» деп аталып, ал күзүктөлөт. Демек, эки жүздүү термеге көркөм көчөт берүү керек болсо, кара жип эки курдай күзүктөлүп, анан бир курдай күзүктөлбөйт. Кийинкисинде ошол ак жип күзүктөлөт. Андан кийин кара жип эки ирээт күзүктөлбөй өтөт да, эми ак жип кайра күзүктөлөт. Ошол эле ак жип кийинки жолу бир жолу кайрадан күзүктөлбөй калат. Кыскасы, мына ушундай ирээт каалаган өлчөмгө чейин кайталанат.

Термечилер эки жүздүү термеге «ийрек» деген көчөттү түшүрсө, мында «аркак» салаарда күзүккө байланган «оң жип» терилет. Сол жиптеги кара жипти бармак менен басып туруп, «аркакты» өткөрүп алат. Анан кайра аркак өткөрөрдө ал ирээт кайталана берет. Бул ыкма менен өрмөкчүлөр көбүнчө «кереге чалгычты», «уук тизгичти», «желбоону» (түндүк боону), «эшик боону» жүзөгө ашырып келе жатышат. Эки жүздүү терме менен «уук тизгич», «кереге чалгыч», «туурдук боо» (түндүк боо) өңдүүлөрдү жасашат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)