ЭкоиНигериянын түштүк-чыгышында (Кросс-Ривер штатында, 100 миң адам) жана Камерундун батышында (100 миң адам) жашаган эл (же элдердин тобу).
Жалпы саны 200 миң адам.
Кээ бир жерлерде эфик менен аралашып жашашат.
Бир нече субэтникалык топторго (же майда этносторго) бөлүнөт: экои (өздөрү), ака­жу, эд­жа­гам (обанг, кеа­ка), нкумм, нде (удом, мбен­кпе, экам­ту­лу­фу), нсе­ле, нкем (нким), ман­та (нта, атам), ннам (ндем) ж.б.

Экои

Экои шаманы
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 200 миң адам
 Нигерия — 100 миң
 Камерун — 100 миң

Тили

экои

Дини

Христианчылык (католиктер, пресвитериандар, афрохристиандар),
Жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид


Тил

Экои тилдери бенуэ-конго уясына кирет. Тил жагынан боки, якё жана йала этносторуна жакын. Жазуусу латын графикасы негизинде (1976 жылдан бери).

Дин

Көпчүлүк христиандар (католиктер, пре­сви­те­риандар, афрохристиандар).
Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабалардын, жаратылыш күчтөрүнүн, асмандагы Атанын жана жердеги Эненин культу) карманышат.

Чарбалык иштер

Кол менен иштетилген жер чарбасы (ямс, маниок, батат, жер жаңгак, банан). Аңчылык жана балык уулоо.

Кол өнөрчүлүк

Токуучулук, карапачылык, жыгачтан оюу (көп учурда булгаары менен капталган маскалар, стилдештирилген баштары менен таажы кийилген мамы түрүндөгү ата-бабалардын айкелдери).

Турак жай

Турак жай — чатыры конус түрүндөгү тегерек алачыктар.

Коом

Коомдук түзүлүштүн негизин айыл жамааттары, көп балалуу үй-бүлөлөр, уруулук уюм, экои тарабынан түзүлгөн жана Түштүк Нигерияга кеңири таралган «кабылан элинин» эркек жашыруун коому, аялдардын жашыруун коомдору (Экпа, же Нимм-Мбоандем ж. б.), курак системасы, мергенчилердин корпоративдик бирикмелери түзөт.
Кош бир тараптуу туугандык эсеп. Көп аялдуулук, сорорат жана левират практикаланат.

Маданият

Алар 20-кылымдын ортосуна чейин Түштүк Нигериянын жана Батыш Камерундун элдеринин арасында кеңири таралган Нсибиди пиктографиялык жазуусун жаратуучулар деп эсептелинет. Оозеки фольклор (жомоктор, уламыштар, ырлар) сакталып калган.

Тарых

17-18-кылымдарда экои аймагы эфик менен ибибио үчүн кулдардын негизги булагы болгон. 1920-жылдарга чейин экои эли салыштырмалуу обочолонуп жашап келген.

Булактар түзөтүү