Эмгек физиологиясы — физиологиянын киши организминин эмгек аракетинин убагында физиологиялык процесстерин изилдөөчү бөлүгү; эмгек шартын жана ден соолукту жакшыртууга жардам берүүчү принциптерди, нормаларды иштеп чыгат. Эмгек физиологиясы адамдын ишке жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен аны жогорку деңгээлде сактап туруу, чарчап-чаалыгуунун алдын алуу максатын көздөйт; эмгектенүү режимин, эс алууну, жумуш ордун рационалдуу пайдалануунун физиологиялык негиздерин иштеп чыгат. Эмгек физиологиясынын чарчапчаалыгууну жана ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшүн аныктоо ыкмаларын иштеп чыгуусу — эмгек психологиясына, ал эми тышкы чөйрөнүн организмге таасирин изилдөөсү эмгек гигиенасына жакындайт. Эмгек физиологиясы гигиена жана эмгекти илимий уюштуруу менен бир катарда маанилүү социалдык проблеманы — адамдын эмгек аракетинин маселелерин изилдейт.

Өндүрүш шартын изилдөө түзөтүү

Өндүрүш шартын изилдөө мезгилинде эмгек физиологиясы түрдүү физиологиялык процесстерди — дем алуу, кан айлануу, тамак сиңирүүнүн, жогорку нерв системасынын ишин, сезүү жана кыймыл процесстерин жана башкалар чогуу изилдейт. Мында тамырдын кагышын каттоо, электр кардиографиясы, кан басымын, дем алуунун ылдамдыгы менен тереңдигин, дем алууда жуткан кычкылтек менен дем чыгаруудагы көмүр кычкыл газынын өлчөмүн ченөө, тер чыгуунун өзгөрүшү, көрүү жана угуу органдарынын айрым көрсөткүчтөрүн аныктоо жана башкалар жүргүзүлөт. Ошону менен катар күчтү, иштеги кыймылдын тактыгын, ылдамдыгын жана координациясын аныктоо, эске тутууну, көңүл бурууну, эмоция реакцияларын жана башкалар баалоо ыкмалары иштелип чыккан. Эмгек физиологиясында организмдин ички чөйрөсүнүн туруктуулугун (гомеостаз) сактоочу системалар менен механизмдер, эмгек шарты өзгөрүлгөндө организмдин жана анын органдары менен системаларынын туруктуу иштеши изилденген. Күч эмгегинде энергия сарпталат, ошондой эле запас заттар керектелип, булчуңдардагы гликоген, натрий, калий, кальций туздары азайып, канда зат алмашуунун кычкылданып бүтпөгөн продуктулары пайда болот. Күч эмгеги күчөгөн сайын жүрөк тез-тез кагып, иштеген булчуңдардын кан тамырлары кеңеет, тамак сиңирүү системасы менен теринин кан тамырлары тарыйт. Андан кийин алар кайра кеңейип, киши тердейт. Эгер кара жумуш өтө ашык жасалса кан тамыр абдан кеңейип, дем алуу жана кан айлануу бузулат, мээде кан айлануу, жүрөк начарлайт, эстен танат. Ошондуктан иштин оордугун, зыяндуулугун аныктап, анын күн тартибин, гигиеналык нормаларынын критерийлерин физиологиялык жактан негиздөө зарылдыгы келип чыккан.

Милдети түзөтүү

Азыркы эмгек физиологиясынын маанилүү милдети — эмгектин оордугу менен зыяндуулугун баалоочу кесиптик физиология-гигиеналык паспорт түзүү. Мындай паспорттор өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана башкалар эмгектин түрлөрү үчүн түзүлөт. Автоматтык башкаруу жана акыл эмгегинин чөйрөсү өскөндүгүнө байланыштуу эмгек физиологиясында жаңы милдеттер пайда болду. Алардын бири — акыл эмгегинен чарчап-чаалыгуу, сезүү органдарына күчтүү таасир берүүдөн борбордук нерв системасына күч келүү проблемаларын чечүү, ошондой эле кыймыл-аракеттин аздыгынан (гиподинамия), булчуңдардын начар иштешинин (гипокинезия) жана нервэмоциялык катуу күч келүүдөн келип чыккан актуалдуу проблемаларды чечүү болуп саналат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8