Эркеч-Там"Манас" эпосундагы топоним. Алооке Манастан качып бараткан жолун сүрөттөгөндө айтылат:

Арбак урган Алооке

Аянбай качып калыптыр.

Эркеч-Тамды ашыптыр,

Кашкардын каны Алабек

Төбөсүнөн басыптыр (Курама вариант, 1. 146 — 147).

Географиялык реалияда Алай өрөөнүндөгү тоо жана бел. Э.-Т. тоосундагы эчки, серке, эркечтерди жайытта багып келгенден кийин короо катары пайдаланылган чоң, кең үңкүр. Ушул үңкүрдүн атынан жердин аты "Эркеч-Там" делип аталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4