Эрлан Жумагазиев
Акын Эрлан Жумагазиев Кочкор районунун Кара-Мойнок айылында 1983-жылы 20-октябрда туулган.
Жумагазиев, Эрлан | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Жумагазиев Эрлан |
Туулган жылы: | 1983-жылы 20-октябрь |
Туулган жери: | Кара Мойнок айылы, Кочкор району, Нарын, Кыргызстан |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | Акын, коомдук ишмер |
Учурдагы кызматы: | Мугалим |
2000-жылы Ишенаалы Абылгазы уулу атындагы орто мектебин аяктап, 2002-жылга чейин дыйкан чарбасында эмгектенген.
2007-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтун аяктап,
Ысык-Көл районундагы Х.Жээнбаев атындагы Бостери орто мектебине кыргыз тили жана адабияты-тарых сабактарынан мугалим
болуп иштеген жана ошол эле жылдын ноябрь айында Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын чечими менен Жети-Өгүз районундагы
Чоң-Жаргылчак орто мектебине кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп которулган.
Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу 2008-жылдын сентябрь айынан Кочкор районундагы И.Абылгазы уулу атындагы орто мектебине которулган.
Учурда Бишкек шаарындагы № 5 мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт.
Анын алгачкы ырлары Кочкор райондук «Эмгек туусу» гезитине жарыяланган.
2003-жылдан баштап чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмесинин,
2004-жылдан «Калемгер» адабий клубунун мүчөсү.
Ырлары мезгилдүү басма сөз беттеринде, «Саамалык», «Алманын мөмөлөрү» өңдүү бир катар альманахтарда жарыяланган.
2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китеби
Кыргыз тилинде
түзөтүү- Жан дүйнө жаңырыгы: Ырлар. – Б.: Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк фонду, 2010. – 48 б.
Колдонулган адабияты
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6