Акын, жазуучу, драматург Шарыпкул Эсенгулов Жумгал районундагы Байзак айылында 1939-жылы 15-августта туулган. 1985-жылы Токмок шаарындагы маданий-агартуу окуу жайынын режиссердук бөлүмүн, 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1983-жылы Москва шаарындагы жогорку адабий курстун драматургия бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 1958-жылы Жумгал районундагы Ленин атындагы колхоздо темир уста болуу менен баштаган. 1963-жылы Кочкор райондук маданият бөлүмүндө инспектор, 1965–1977-жж. Жумгал районунда элдик театрдын режиссер директору, ошол эле жылдары өзү түзгөн «Бекбекей» ансамблинин көркөм жетекчиси, 1977–1984-жж. басмасөздө жана басмаларда кызмат өтөгөн. Алгачкы ыры 1958-жылы Жалал-Абад облустук гезитине «Гүлдөсүн мекен» деген ат менен басылган. Андан бери көптөгөн ыр, прозанын, пьеса жана сценарийлердин автору. 1995-жылдан бери Бүбү Мариам Муса кызы менен бирдикте Жайсаң Үмөт уулунун «Манас» дастанынын алты китебин чыгарышкан. 1994-жылдан бери Жумгал өспүрүмдөр музыкалуу драмалык театрынын директору жана көркөм жетекчиси болуп эмгектенет. «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам алган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кадам: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1972. – 56 б.

Ак шоола: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1974. – 164 б.

Из. Повесть. «Ак шоола» баянынын экинчи китеби. – Ф.: Мектеп, 1976. – 158 б.

Асыл. Повесть, аңгемелер жана пьеса. «Ак шоола» баяндама 3-китеби. – Ф.: Мектеп, 1979. – 212 б.

Ишеним. Аңгемелерден турган баян. – Ф.: Кыргызстан. 1983. – 232 б.

Көч. Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 240 б.

Алтын тамыр. Повесть, пьеса. – Нарын, 1994. – 108 б.

Жайсаң. Биринчи бөлүм.. – Б.: ИАнын басмаканасы,1996. – 288 б.

Жайсаң. Экинчи бөлүм. – Б.: ИАнын басмаканасы, 1998. – 320 б.

Жайсаң. Үчүнчү бөлүм. – Б.: ИАнын басмаканасы, 1998. – 320 б.

Жайсаң. Төртүнчү бөлүм. – Б.: ИАнын басмаканасы,1998. – 330 б.

Жайсаң. Бешинчи бөлүм. – Б.: ИАнын басмаканасы, 1999. – 312 б.

Жайсаң. Алтынчы бөлүм. – Б.: Илимдер Академиясынын басмаканасы, 2000. – 303 б.

Кожомкул. Роман. Биринчи китеп. – Б. 2001, – 275 б.

Тазалыкка таазим. Роман. Экинчи китеп. – Б., 2002. – 264 б.

Кожомкул. Роман. 1-2-китеп. – Б., 2003, – 560 б.

Жээктеги караан: Ырлар, поэмалар. – Б., 2007. – 190 б.

Асыл: Роман. – Б., 2008. – 406 б.

Орус тилинде:

Асыл: Роман. М. Советский писатель. 1990. – 272 с.