Эшимбеков, Имаш
Эшимбеков, Имаш | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Эшимбеков, Имаш |
Туулган жылы: | 1939-жыл |
Туулган жери: | Кегети айылы, Чүй району, Фрунзе облусу, Кыргызстан |
Өлгөн жылы: | 1992-жыл |
Өлгөн жери: | Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы |
Сөөгү: | Кегети айылынын Көрүстөнүнө коюлган, Чүй району, [Чүй]] облусу, Кыргыз Республикасы |
Өлкө: | СССР→ Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | театр артисти |
Наамдары: | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти |
Чыгармачылык активдүүлүгү: | 1963-1992-жылдар |
Театр: | Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры |
Өмүр баяны жана чыгармачылыгы
түзөтүүИмаш Эшимбеков орто мектепти аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт.
Андан соң, 1959-жылы артист болууну эңсеп Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтуна (ТТХИ) окууга өтөт.
Институтту 1963-жылы аяктап келип, курсташтары Күнболот Досумбаев, Болот Бейшеналиев, Мамбет Асанбаев ж.б. менен Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрына кирет.
1966-жылы Имаш Эшимбеков менен Таттыбүбү Турсунбаева экөө баш кошушат. 1967-жылы экөө Асел аттуу кыздуу болушат.
Ал кыз кийин Асел Эшимбекова деп “Махабат дастаны”, “Сүйүү закымы” ж.б. кинофильмдерде тартылып, кыргыз киносунун жылдызына айланган.
1968-жылы Имаш менен Таттыбүбүнүн ортосунда уул төрөлүп, атын Канат коюшат.
Аталган театрда И.Эшимбеков он эки жыл эмгектенгенден кийин, үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу ал Ош кыргыз драма текатрына которулуп кетет.
Ош театрында ал актриса Жамийла Сыдыкбаевага үйлөнөт.
1979-жылы Имаш Эшимбеков жаңы үй-бүлөсү менен кайрадан Фрунзе шаарына кайтып келип, Кыргыз академиялык драма театрына орношот.
Ошондон тартып, өмүрүнүн акырына чейин ушул театрда иштеген.
Чыгармачылыгы
түзөтүүИмаш Эшимбеков Кыргыз драма театрында көбүнэсе геройлордун ролдорун аткарган көрүнүктүү артист болгон.
Анын сырткы келишкен келбети, темпераменти көрүүчүлөрдү өзүнө тартып турган.
Имаш Эшимбековдун өтө көрүнүктүү ролдорунун бири улуу драматург В.Шекспирдин “Ромео менен Жульетта” трагедиясындагы Ромеонун ролу.
Бул спектаклде ал жубайы Таттыбүбү экөө сахнада бирге ойношкон. Таттыбүбү Турсунбавева Жульеттаны аткарган.
Театрдагы негизги ролдору
түзөтүү- Дүйшөн (Ч. Айтматов, “Биринчи мугалим”)
- Нияз (Т. Абдумомунов, “Абийир кечирбейт”)
- Маке (М. Байжиев, “Балдар бойго жеткенде”)
- Азиз (М.Байжиев, “Төрт адам”)
- Шамшы (А. Дыйканбаев, “Мүрөктүн суусу”)
- Ромео (В. Шекспир, “Ромео менен Жульетта”)
- Фрунзе (К. МаликовТ, “Бийик жерде”)
- Көбөш (Ж. Садыков, “Манастын улуу Семетей”)
- Канчоро (Ж. Садыков, "Элим, ай" "Сейтек")
- Алмамбет (Ж. Садыков, "Айкөл Манас")
- Вандалино (Лопе-де Вега, “Бий мугалими”)
- Карлсон (М. Гапаров, “Биздин үйдүн Карлсону”)
- Акыркы кирген адам (В. Дозорцев “Акыркы кирген адам”)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
- Чүй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1994-ж.
Интернет шилтемелер
түзөтүү