Богорстон уулу Эштек бий — 16-кылымдагы кыргыздардын башкаруучусу, солто уруусунун түпкү атасы.

Эштек бий
Улуу Кыргыз Хандыгы
 
Уруусу: Солто уруусу
Атасы: Богорстон
Кесиби: Бий, Аскер башчы
 
Сыйлыктары:

1514 жылы, Могол-Кыргыз аскерлерин жетектеп, Манглай-Субе мамлекетин утат.

Өмүр жолу түзөтүү

1514-жылы кыргыз-могол союзу биргеликте дуулаттарды жеңишкенде, Кашкар аймагы Мухаммед Кыргыздын үлүшүнө бөлүштүрүлүп, ал бул жакка өзүнүн тууганын – Богорстон уулу Эштекти калтырган сыяктуу. Анткени санжыралык баяндарда Эштек бий бир канча жыл Кашкарды башкарып, кийин кайсы бир себептер менен качкандыгы айтылат. Буга Султансаид хандын жортуулдары себеп болгондугу толук мүмкүн. Кийин кыргыз-могол согуштарында Мухаммед Кыргыз туткундалып кеткен учурларда кыргыздарды Эштек бий жетектеп турган.

Тагай бийдин небереси Эштек бий чоң атасынын саясатын улай, курама жыйып, журт кылууга аракет кылган. 1566-67-жылдарда жазылган «Бадаи ат-таварих» деген эмгекте «кыргыз» деген сөз «тоолук» («тоолордо жашаган») деген маанини билдирет дейт[1]. С.М. Абрамзондун пикири боюнча да, Кыргызстандын аймагына көчүп келген түркий тилдүү уруулар үчүн «кыргыз» деген аталыш алгач этноним эмес, алар өздөрү таандык болгон саясий биримдиктин аталышы гана болгон[2]. Эштек бийдин жеке аскердик отрядынын курамында кыргыздын дээрлик бардык урууларынан чогулган мыкты жоокерлер кызмат кылган. Анын баатырларынын эң атактуулары багыш уруусунан Кайдоол, саруу уруусунан Балта, Түйтө, адыгине уруусунан Акбуура, Асылбаш, кытай уруусунан Кабыке баатырлар болгон.

Богорстон уулу Эштек бийдин тушунда кыргыз-казак аскердик союзу бекемделип, биргеликте моголдорго каршы согушуп турушкан. Кийин Казак хандыгында жарандык согуш башталганда, Эштек бий казак хандарына аскердик көмөк көрсөтүп, кыргыздар Ак-Мечит, Ак-Чий деген жерлерге чейин жортуулдап барышкандыгы айтылат.

Кайсы бир жылдары чечек оруусу каптаганда, эпидемиядан улам Эштек бийдин бардык уулдары көз жумуп, бир гана Солто деген уулу аман калгандыгы айтылат.

Шилтемелер түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Мокеев А.Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. 158-159-б.
  2. Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Котор. С.Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. — Бишкек: «Кыргызстан — Сорос» фонду, 1999. – 627-б.