Үй жаныбарлары байыртан адамга кызмат кылып келген.

Мышык.
Мышык

Мааниси түзөтүү

Аларга майда жана бодо мал, үй куштары, ит, мышык кирет. Үй жаныбарларынын эл чарбасында мааниси өтө зор. Алардан тамак-аш, кийим-кечек, дары-дармек алынат. Медицинада эксперимент жүргүзүүдө кеңири колдонулат.

Оору жугузушу түзөтүү

Үй жаныбарлары ошону менен катар адамга түрдүү жугуштуу ооруну жугузуп, зыян да келтирет. Оорулар үй жаныбарларынан түрдүү жолдор (ылаңдуу жаныбарды бакса, аны сойсо, анын этин чала бышырып жесе, ылаңдуу жаныбар тиштесе жана башкалар) менен жугушу мүмкүн. Мисалы, адамга кутурма кутурган жаныбар (ит, чанда мышык) тиштегенде же анын шилекейи былжыр челге, кесилген териге тийгенде жугат.

Оорулу жаныбардын белгилери түзөтүү

 
Жылкы.

Оорунун башталышында кутурган ит тынчы кетип, караңгыга корголойт. Тамак ичпей, калтырап, оозунан шилекейи агат, суудан коркот. Андан соң башка жаныбарларды, адамды кабат. Кутурган ит 8—11 күндө өлөт. Ит менен мышык мындан сырткары адамга токсоплазмоз оорусун жуктурушу мүмкүн. Козгогуч ылаңдаган жаныбардын заңы, заарасы менен сыртка бөлүнөт. Аны менен булганган тамак-аш аркылуу адамга берилет. Ылаңдаган жаныбардын заңы суюлат, жөтөлөт, көзү сезгенет. Алар түрдүү тери жана чачтын мите козу карын ооруларын (трихофития, микроспория, таз) да таратат. Мында жаныбардын жүнү түлөйт. Денесинин кээ бир жери такырайып, кабырчык менен капталат. Айрым учурда оорунун белгилери анча билинбейт. Мышык менен ит котур оорусунун булагы болушат. Ит эхинококкоз менен ылаңдап, аны кишилерге таратат. Ылаңдаган жаныбардан митенин жумурткалары анын заң, заарасы менен бөлүнүп, буюмдарды, сууну, чөптү булгайт. Адамга оору эхинококк жумурткасы менен булганган тамак-аш, суу, кир кол аркылуу жугат. Айрым учурда мышык тытып же тиштеп алганда лимфоретикулёз оорусу пайда болот. Мында ысытма пайда болуп, лимфа түйүндөрү шишийт. Ит, мышык жугузган оорудан сактануу үчүн аларды багуунун санитария-гигиеналык эрежелерин (итти бош койбой байлап, ордун убагы менен тазалап, үйдө багылган иттерди жуунтуп, жүнүн тарап, сейилдегенден кийин таманын тазалап, жүнүндө мите курттар пайда болсо, кашынып, тытынса атайын эмульсиялар менен жуунтуу) так сактоо зарыл. Чийки тамак-аш бербөө керек. Мышык, итке тамак бергенден кийин колду самындап жуу талапка ылайык. Алар менен ойногон балдардын өздүк гигиенасына көз салуу зарыл. Үй жаныбарлары ылаңдап калса ветврачты чакыруу керек. Жабыркаган айбанатты дарылоо мезгилинде ал жаткан жер дезинфекцияланат.

Канатуулар оорулары түзөтүү

Кооз, сайроочу жана үй канаттуулары да коркунучтуу оорулар менен (орнитоз, токсоплазмоз жана башкалар) ылаңдап, адамга таратат. Үй куштарында орнитоз көбүрөөк кезигет. Аны менен тоок, каз, тоту куш, көгүчкөн жана башкалар ылаңдайт.

Белгилери түзөтүү

Ал жем жебей, көзүнөн жаш куюлуп, чычкактайт, шал болот. Кээде ылаңдын белгилери билинбейт. Ылаң козгогучу анын шилекейи, заңы менен бөлүнүп жер-сууну булгайт. Канаттуулар таратуучу оорунун алдын алуу үчүн ылаңдаганын өзүнчө бөлүп, ал турган жерди тазалап туруу зарыл. Тазалаганда даки маска кийүү, бүткөндөн кийин сөзсүз колду самындап жуу сунуш кылынат. Ылаңдаган канаттууларды ветврачка көрсөтүү керек. Айрым кишилерде куштардын жүнүнөн, тыбытынан аллергия байкалат. Мындай учурда аларды багуу кажетсиз.
Мындан сырткары үй жаныбарлардын ичинен майда жана бодо мал, чочко жана башкалар түрдүү ылаңдарды (бруцеллёз, күйдүргү, лептоспироз, шарп, трихофития, котур жана башкалар) жугузушу мүмкүн. Мындай малдын ылаңын болтурбоо үчүн жабыркаганын өзүнчө бөлүп, жакшылап жем, чөп берип, эмдөө жүргүзүлөт. Аны бакканда атайын кийим кийүү керек. Ылаңдаган малды союуга болбойт. Малды мезгили менен ветеринариялык текшерүүдөн өткөрүп туруу зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8