Өзбекстандын футбол ассоциациясы

Өзбекстандын футбол ассоциациясы, 1991-2018-жылдары Өзбекстандын футбол федерациясы, 1946-1991-жылдары Өзбекстан ССРинин футбол федерациясы, кыскартылган УФА, Өзбекстандагы футбол клубдарын жана мелдештерин башкарган уюм. Ал өлкөнүн футбол боюнча курама командаларын уюштуруу жана башкаруу, Өзбекстанда футболду колдоо, өнүктүрүү жана жайылтуу менен алектенет.

Өзбекстан футбол ассоциациясынын Ташкент шаарында, Каракалпакстан Республикасында жана ар бир облуста 14 филиалы бар. Башкармалыктарды бир эле убакта бул аймактын башчысы (хокими) жетектейт.

Өзбекстандын футбол ассоциациясы 1946-жылы СССР футбол федерациясынын, Өзбекстан ССРинин футбол федерациясынын филиалы катары түзүлгөн. Өзбекстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин 1992-жылы Өзбекстандын Футбол федерациясына айланган. 1994-жылы ФИФАга жана АФКга кабыл алынган. УЕФАга мүчө болуу сунушталган, бирок белгисиз себептерден улам бул сунуш четке кагылган.

Өзбекстандын футбол федерациясы 1994-жылы ФИФАга жана АФКга кабыл алынганы менен, Өзбекстандын курама командасына 1992-жылдан бери ФИФАнын жетекчилиги астында эл аралык жолдоштук беттештерди өткөрүүгө уруксат берилген . 1997-2013-жылдары Өзбекстандын Футбол федерациясы АФКнын субфедерацияларынын бири болгон Борбордук жана Түштүк Азия футбол федерациясынын курамында болгон. Бул субфедерация Түштүк Азиянын футбол федерациясы деп аталып, Түштүк Азия өлкөлөрүн гана бириктирет. 2014-жылдын июнь айынан бери Өзбекстандын футбол ассоциациясы АФКнын жаңы субфедерациясы болгон Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын футбол федерацияларын бириктирген Борбор Азия футбол федерациясынын курамына кирет.