«Aнар» - кыргыз балети. Либреттосу К. Эшмамбетов менен Н. С. Холфиндики. Музыкасы композитор В. А. Власов менен В. Г. Ференики (балетти койгон - Н. С. Холфин жана В. В. Козлов, дирижёру - В. И. Чернов, сүрөтчүсү - Я. З. Штоффер).

1940-жылы 7-ноябрда Фрунзедеги музыкалык драма театрында коюлган. «Aнар» балети - кыргыз хореография өнөрүндөгү саамалык. Мында Октябрь революциясына чейинки турмуштук көрүнүштөр сүрөттөлөт. Окуя бир айылдын сулуусу Анар (А. Молдобаева, Г. Худайбергенова) менен койчу жигит Кадырдын (А. Мамакеев) тунук махабатынын жана алардын бактысына бөгөт болгон кара мүртөз, ач көз манап Багыштын (Г. Автандилов) ортосундагы күрөштүн айланасында өнүгөт.

Балет 1957-жылы 2-жолу редакцияланып, кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн 2-декадасында (1958) көрсөтүлгөн (Анар - Б. Бейшеналиева, А. Хандранова, Кадыр - У. Сарбагышев, Багыш - А. Карасев, Б. Суслов, балетмейстери Н. С. Холфин, дирижёру - К. Молдобасанов, сүрөтчүсү - А. Молдахматов). «Aнар» азыркы күнгө чейин театр сахнасында коюлуп келе жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1