«Манастын» географиясы — көп пландуу терең мазмуну, көркөмдүк кудурети менен бирге, «Манас» эпосу өзүнүн түркүн маалыматтуулугу менен айырмаланат. Татаал көркөм сюжет, ар кыл окуялар эпостун башынан аягына чейин жаратылыш кубулуштары, дүйнөнүн көрүнүштөрү, элдердин карым-катышы, конкреттүү географиялык кырдаал менен айкалышып жүрүп олтурат. Географиялык маалымат — номенклатура (топонимия), термин, баян, мүнөздөмө, түшүнүк эпостун бүт тулкуна сиңип, коюн-колтугуна чейин тарап, анын организминин ажырагыс мүчөсүнө айланган. Географиялык маалыматтын мынча кеңири терең таркашы, «Манастын» географиясы деген атайын түшүнүктү пайда кылат Эпостогу сюжет, окуялардын дааналыгы, реалдуулугу айрым өлкө, жер-суу, эл-журтка байланышы географиялуулуктун негизинде жетилген. «Манастын» тарыхтуулугу да белгилүү өлчөмдө географиялуулукка келип такалат

Эпостун эпикалык географиясынын диапазону өтө зор. Ал кеңири аймакты — бүт Евразия материгин дээрлик өз кучагына алат. Байыркы кыргыз журтчулугунун географиялык маалымдуулугу (кругозору) чыгышта — Ыраакы Чыгышты «торогон» мифтик Көйкап тоолорунан тартып, батышта — Орол, Эдил, Кырым, Урум аркылуу жомоктук өлкөлөр — Желпиниш, Жеткайтка чейин созулган. Жетиген тарапта биздин бабаларыбыздын түшүнүгү Буурул түн аймагына, күн жүрүш жакта Тебит (Тибет); Ымалай (Гималай), Ындыстан (Индия), Меке, Мысыр (Египет), Магрипке (Түндүк-батыш Африка өлкөлөрү) чейин жеткен. Өтө белгилүү географиялык мейкиндиктин чордонун Казакстан, Алтай, Кытай, Орто Азия, Чыгыш Түркстандын ортосу түзгөн. Географиялык маалыматтардын экинчи, регионалдык жагы да өзүнүн так, дааналыгы, айрым, аймак, жер-сууну жана башкалар өтө кооз сүрөттөшү мүнөздүү. Түрдүү өлкө, эл-жерлер менен катар, эпосто Ала-Тоо аймагы, кыргыз эли, Талас, Чүй, Алай жана башкалар кыргыз жерлери да сүрөттөлөт.

Эпостун географиялык маалымдуулугун үчилтиктеги көп сандаган энчилүү аттар айкындап турат. Жалаң Сагымбайдын варианты боюнча жарык көргөн «Манастын» төрт томдугунда (1978—1982) 532 топоним (кайталануучу аттар менен бул сан алдаганча көбөйөт) кезигет. Географиялык, жалпы эле дастандын маалыматтуулугун арттырган дагы бир маанилүү көрүнүш — андагы илгерки, эл, уруу жана башкалар этностор жөнүндөгү даректер. Сагымбайдын вариантында 113 этностун аты аталат. Залкар илимпоз Махмуд Кашгаринин «Түрк тилдеринин сөздүгүндө» (11-к.) мындай 73 ысым эскерилген.

Эпостун географиялуулугу анын фактологиялыгы (түрдүү даректердин көптүгү), маалыматтуулугу алардын так, дааналыгы менен мүнөздөлөт. Географиялык маалыматтар эпосто эки түркүмгө бөлүнөт. Бири жалпы географиялык, жаратылыштын айрым компоненттери жөнүндөгү дарек, түшүнүктөр. Экинчиси — регионалдык жана локалдык (жалпысынан аймактык) мүнөздөгү маалыматтар, айрым ландшафттардын, кооз жерлердин көркөм сүрөттөлүшү.

Жалпы географиялык түшүнүктөр айрым космогониялык даректерди, жаратылыштын кубулуштарын, жер бетинин, климат, суу, өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсүнүн өзгөчөлүгүн, өзгөрүшүн, таркашын чагылдырат. «Манаста»:

Тоо бузулуп сай болду,

Сай козголуп тоо болду.

Аты калып өзү жок, А

р канча деңиз жоголду.

Элүү жылда эл жаңы,

Жүз жылда болуп жер жаңы (Курама варианты, 1. 2— 3),— деп дүйнөдөгүнүн баары кыймылда, өзгөрүштө деген философиялык аксиоманы айкындайт. Ушул эле идея «Семетейде» дагы терең кеңири чагылдырылат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 3—4). Мындай географиялык маалыматтардын (жалаң топонимдер жүзгө жакын) арбын кезигиши түшүнүктүү.

Ушундай эле маалыматтардын ичинде элдердин чарбачылыгы, жол катнаштары, соода-сатыгы жана башкалар карым-катнаштары жөнүндөгү даректер «Манас» үчилтигинин ар бир бөлүгүнөн жолугат. Кыргыздардын илгертен бери эле жерге, малга, жайытка болгон мамилеси, аларды ылгап, кылдаттык менен пайдалануу жагы да унутта калбаган. Жол катнаштары, кошундардын жүргөн жерлери, өткөн ашуулары же ооруктардын орду эпосто дээрлик даана чагылдырылган. Андан кыргыздардын Алтайды карай көчүшү, ал жактан кайра кайтышы, Бокмурундун Ташкен тараптан Каркыраны көздөй жөнөгөн кошунунун маршруттары көбү азыркы кездеги географиялык реалиялар менен дал келет.

Эпостогу географиялык маалымдуулуктун негизин элдик географиялык терминдер түзөт. Лексикалык мааниси терең эски нукура терминдер «Манаста» өтө арбын. Өзгөчө топонимдердин маңызын талдоо үчүн алардын ролу зор. Баар, биябан, кесенде жана башка өтө сейрек учуроочу тарыхый географиялык терминдерге кирет.

Конкреттүү реалдуулугуна карабастан эпостогу географиялык маалыматтар эпос үчүн жеткиликтүү илимий негиз, толук тарыхый дарек боло албайт. Алар өзүнүн эпикалык мүнөзүндө кала берет. Бирок, эпикалык география белгилүү өлчөмдө дастанга тарыхый-географиялык негиз болушу ыктымал. Анткени, айтылып жаткан маалыматтар баары бир тарыхый географияга таандык. Эпосто кезигүүчү бир кыйла топонимдер (Алай, Алтай, Арабанты Артыш, Орхон, Гоби-Шаму, Көкө-Ноор, Кабакарт, Талас, Ашмара жана башкалар) тарыхый аталыштар. Алар тарыхта ошондой кылымдардын алгачкы мезгилинен бери белгилүү. Кыргызстандын аймагында деп эсептелген эпостук аттар да бери дегенде 17 — 18-кылымдан бери маалым болгон онимдер. Керме-Тоо, Кер-Көл, Кебез-Тоо, ОполТоо дагы ушул сыяктуулар эл оозунда илгертен айтылып келаткан жерлер.

Улуу эпостун географиялуулугу өтө жогору баалоого татыктуу. Ал «Манастын» кол жеткис бийиктигинин бири. Анын өз заманында мындай жогорку даражага жетишин илгерки бабаларыбыздын убагындагы маданий деңгээли, рухий дүйнөсүнүн байлыгы, географиялык түшүнүгүнүн кеңдиги менен, эл-журтубуздун дүйнөнүн чар тарабы менен болгон карым катышы аркылуу түшүндүрүү негиздүү көрүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4