«Семетей» — Кызыл-Суулук (КЭР) Манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн «Семетей» эпосунун 1-китеби (Үрүмчү, 1984). Редакциялык коллегиянын жазган кириш сөзүндө «Семетей» эпосунун жалпы мазмуну, сюжеттик курулушу, композициялык түзүлүшү жана көркөмдүк өзгөчөлүгүнө мүнөздөмө берилген. Эпосто сюжеттик өзөктү түзгөн туруктуу эпизоддор менен окуялар Семетейдин жарык дүйнөгө келгенинен тартып, Айчүрөктүн окуясы менен китеп аяктайт. Алар төмөнкүлөр: Жомок башы, Абыке менен Көбөштүн Каныкейди чабышы, Каныкейдин Семетейди алып качышы, Семетейдин балалык чагы, Каныкейдин насааты, Семетейдин Таласка барышы, Семетейдин Абыке менен Көбөшкө кезигиши, Семетейдин Тайбуурулду табышы, Семетейдин Чачыкейди алышы, Кырк чоронун кырылышы, Күлчоро менен Канчоронун аңгемеси, Чынкожо менен Толтойдун Акун канга кол салышы, Айчүрөктүн аккуу болуп учушу, Айчүрөктүн Семетейди сындашы, Айчүрөктүн ак шумкарды алып качышы, Семетейдин Айчүрөктү издеп жөнөшү, Айчүрөктүн Семетейди тосуп чыгышы, Күлчоронун кайгуулга барышы, Семетейдин Үргөнчтү кечиши, Семетей менен Айчүрөктүн тою. Бул эпизоддордо «Семетей» эпосунун бардык варианттарга мүнөздүү салттык окуялар сакталуу менен бирге Жусуп Мамайдын чыгармачылык өнөрканасына мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ.

«Семетей» — кызыл-суулук (КЭР) Манасчы Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча кыргыз тилинде араб ариби менен жарык көргөн «Семетей» эпосунун 2-китеби (Үрүмчү, 1990). Китепке төмөнкүдөй окуялар кирген: Күлчоро менен Толтойдун алгачкы беттешүүсү, Чынкожо менен Толтойдун өлүмү, Токтосарттын чыккынчылыгы, Коңурбайдын чабуулу, Күлчоронун чалгыны, Күлчоро менен Канчоронун кайраты, кыргыздардын кол курашы, Кең-Колдогу кызыл-кыргын, Коңурбайдын атактуу баатырларынан ажырап кайра качышы, Керимбайдын чыккынчылыгы, Карагулдун өлүшү.

«Семетей» — кызыл-суулук (КЭР) Манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча жарык көргөн кыргыз тилинде араб арибинде басылып чыккан «Семетей» эпосунун 3китеби (Үрүмчү, 1990). Эпостун үчүнчү китебине төмөндөгүдөй окуялар кирген: Баатырлардын кеңеши, Кызылуюк дөөнүн жер жазданышы, Күлчоро менен Мадыкандын кармашуусу, Семетейдин жалгыз көздүү Мадыкөлдү сайышы, Коңурбайдын өлүшү, Уусаңгендин дүмөгү, Күлчоро менен Жубатайдын кармашы, Үмөтөйдүн өзүнчө келип өлүшү, Семетейдин Тайбуурулду бериши, Канчоронун кастыгы, Семетейдин кайып болушу.

«Семетей» эпосунун негизин түзгөн бул үч китепте салттык өзөк окуялары туруктуу сакталат. Бирок, Жусуп Мамайдын таалим алуу мектебинин мүнөздүү өзгөчөлүктөрү кыргызстандык семетейчилердин варианттарынан айырмаланып турат.

«Семетей» — курама вариант (Курама вариант) боюнча «Манас» үчилтигинин 2-бөлүгүнүн 3-китеби (Фр., 1959).Түзүүчүсү А. Токомбаев, кириш сөзүн Б. Керимжанова жазган. Китептин аягына көөнө сөздөрдүн түшүндүрмөсү кеңири берилген.

Бул Курама вариант эпостун 1-бөлүгүнө караганда 2-бөлүгү — «Семетей» сюжеттик жагынан жыйынтыктуураак, тыканыраак болуп, окуялары бири-бирине уланып, тыгыз байланышкан. Тил, адабият институтунун кол жазмалар фондусундагы «Семетей» эпосунун 14 вариантынын ортосунда анча-мынча гана айырма бар, сюжеттик жагынан окшош. Ошол себептен бул китеп Саякбай Карала уулу менен Тоголок Молдонун варианттарынын негизинде түзүлгөн. «Семетей» эпосунун сюжетинен китепке: Жетим калган Семетейди өлүмдөн сактоо үчүн Букарга алып качуу, Семетейдин балалык чагынын Букарда өтүшү жана өз атасын, өз элин билиши; Семетейдин Таласка келиши; Семетейдин Чынкожо, Толтой менен согушу; Айчүрөктүн учушу жана ага Семетейдин үйлөнүшү; Семетейдин Коңурбай менен согушу; Семетейдин кайып болушу окуялары кирген. Бул китеп кыргыз окурмандарына «Семетей» эпосунун текстин, жазма түрүндө толук тааныштырууга алгачкы аракет болуп эсептелет.

«Семетей» — «Манас» үчилтигинин экинчи бөлүмүнүн Манасчы Саякбай Карала уулунун, айтуусу боюнча чыккан 1-китеби (Фр., 1987). Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап, сөздүгүн түзгөндөр: К. Кырбашев, Р. Сарыпбеков, кириш сөзүн Р. Сарыпбеков жазган, көркөмдөгөн сүрөтчү Т. Курманов. Китептин аягына көөнө сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Китепте Көбөштүн Каныкейге арачы жибергенинен тартып, Каныкейдин Чыйырды менен Семетейди алып Букарга качышы, Семетейдин Ысмайылдын колунда багылышы, Каныкейдин Тайторуну чапканы, Семетейдин Сарытазга жолукканы, Каныкейдин жомогу, Семетейдин Таласка келгени, Бакайга жолугуп атасынан калган мүлктөргө ээ болушу, Абыке, Көбөштүн кастыгы, кырк чоронун чыккынчылыгы, Семетей менен Чынкожонун чатагы, Чынкожо, Толтойдун Акун канды камаганы, Айчүрөктүн Семетейди издеп, аккуу болуп учушу жөнүндөгү окуялар кирген. Камтылган окуялар эч өзгөрүүсүз (арасындагы ашыкча кайталоолордун кыскартылганын эске албаганда) толук бойдон ушул 1-томго сыйгызылган.

«Семетей» — «Манас» үчилтигинин экинчи бөлүмүнүн Манасчы Саякбай Карала уулунун, айтуусу боюнча чыккан 2-китеби (Фр., 1989). Эпостун бул бөлүгүн басмага даярдап, сөздүгүн түзгөндөр: Э. Абдылдаев, Р. Сарыпбеков, С. Егембердиева. Сүрөтчү Т. Курманов көркөмдөгөн. Китептин аягына айрым түшүнүксүз сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилген. Айчүрөктүн Семетейдин Акшумкарын алып кеткенин баяндаган эпизоддон баштап, төмөнкү окуялар киргизилген: Семетейдин Күлчоро менен Канчорону ээрчитип Ооганга жөнөгөнү, Үргөнчтүн боюнда Семетейди күтүп жаткан Айчүрөккө жолукканы, Акундун шаарын камап жаткан Чынкожо, Толтойдун Семетейден жеңилиши, Семетейдин Айчүрөктү алып Таласка келиши, Коңурбайдын Таласка чабуулу, Коңурбай менен Нескаранын өлүмү, Семетей менен Үмөтөйдүн чатагы, Семетейдин өлүшү.

«Семетей» — Ош шаарындагы кең экрандуу кинотеатр. 1976-ж. ачылган. Советтик жана чет өлкөлүк фильмдерди көрсөтөт. «Светофор», «Жаш укук таануучу», «Атеист» деген кинолекторийлер иштейт. 400 жана 200 орундуу эки залы бар. Кичи залы 1982-жылдан «Сейтек» балдар кино залы деп аталат.

«Семетей» — семетейчи Кенжекаранын айтуусунда Семетейдин Айчүрөккө үйлөнгөнүн баяндаган үзүндү. Ал Смирновдун китебинде (В степях Туркестана. М., 1914) жарыяланган. Сүрөтчү Б. Смирновдун «Семетейден» жазып алып которгон үзүндүсүнүн мазмуну төмөнкүчө: Агаяк деген бийик тоого Тайбуурулду минип Семетей чыгып баратты. Анын он эки жашар Күлчоро жана он эки жашар Канчоро деген эки жолдошу (чоролору) бар эле. Семетейдин өңүн кара туман каптады. Акункандын шаарын Шыгайдын уулу Чынкожо менен Жедигердин уулу эр Толтой басып алып, канын өлтүрүп, бийлик жүргүзүп, кандын сулуу кызы Айчүрөктү туткундап жатты. Анын сулуулугу айдай болуп нур чалып, көзү жылдыз жымыңдагандай жымыңдап турду. Айчүрөк түн ашкан сулуулугу жөнүндөгү кабар Семетейдин жүрөгүн толкутту. Бүркүттөй кыраан көзү менен Семетей кең талааны карап алыстагы Акункан шаарынын жанынан карарган жоону көрдү. «Шыгайдын уулу Чынкожо менен Жедигердин уулу Толтойду кармап аркан менен байлап, кандын сулуу кызын туткундан бошотсун. Эгер алар менин айтканымды аткарбаса койдой соемун» деп Акункандын калкына чоролору аркылуу буйрук берет. Он эки жашар Күлчоро менен Канчоро Акункан шаарына жөнөштү. Алар кокту менен жыландай сойлоп, тоонун үстүнөн бүркүттөй сызышты. Алардын жүрүшүнөн замбиректен ок аткандай жер титиреди, аттары аткан октой сызды. Аз жүрдүбү же көп жүрдүбү, аны ким билет? Алар Чоң-Үргөнчкө келишти. Үргөнч бурканшаркан түшүп ташкындап, түбү менен карагай, тал, үйдөй кара таштарды кумдай агызып жаткан экен. Аны даап эч ким кече албаган. Үргөнчтүн боюна коркконунан түлкү уялабаган, тереңдигинен аркан бойлобогон. Буга болбостон Күлчоро менен Канчоро тайманбастан сууга киришип, көздөн кайым болушту. Кайсы жерден чыкканын эч ким көргөн жок. Алар минген аттары менен жыландай сойлоп тиги өйүзгө чыгышты. Агасы Семетейдин тапшырганын Акункан шаарынын калкына айтышты. Алар Семетейден коркконунан Чынкожо, Толтойду аркан менен байлашты. Ошол түнү Айчүрөк түш көрдү. Ал беш келин, 40 кызды чакырып: «мен түндө түш көрдүм, ким жакшылап жоруса, жүз бээлик баасы бар тон кийгизем. Түшүмдө ат башындай Акшумкар түлкүлөрдү жана түрдүү канаттууларды алып жатыптыр. Бул түшүмдү жоручу? Кара көзүм илинип кетсе, дагы түш көрдүм: ала чаар эки жолборс Акункан шаарынын көчөлөрүн, короолорун жойлоп жүрүптүр, ит үрбөдү. Кыздар бул эмине болуучу, бул түшүмдү жоручу? Тоонун түбүнө сонун боз үй тиктим, бул эмне деген түшүм? Үйдүн ортосунан төбөсү асманга жеткен бийик терек өсүп чыкты, бул эмне түш кыздар? Үйдүн жанында эки майлуу көл бар экен, анда бакалар чардады, бул эмне деген түш, муну кыздар жоручу?» — деп Айчүрөк кыздарга, келиндерге карап ботодой көзүн жайнатты. Кыздар келиндерди карады, келиндер жер карады. Алардын ичинен кедейдин кызы чыкты. Жакшы түш көрүпсүң! Мен жоруп берейин. Ат башындай Ак шумкар чоң карышкырларды, килейген түлкүлөрдү, түрдүү канаттууларды алса, Семетей келип сенин бардык душмандарыңды жок кылат экен. Эки ала чаар жолборс көчөлөрдү, короолорду аралап жүрсө бул — Семетейдин чоролору Күлчоро менен Канчоро. Төбөсү көккө жеткен бийик терек өсүп чыкканы Акункандын кызы Айчүрөк сени Семетей алат экен. Бакалар чардаган эки көл Акункандын шаарына Семетей кандык кылып, эл бай жана тынч жашайт экен. Мына ушундай экен Айчүрөк сенин көргөн түшүң! Айчүрөктүн түшүн жакшы жоруган кедейдин кызы сый тон белекке алды. Мына ошол учурда Күлчоро менен Канчоро келип, Айчүрөк менен таанышып, Семетейге жообун бер деп өтүнүшөт. Күмүш менен сайган жоолугумду Семетейге алып барып бер деп Айчүрөк башынан жоолугун алып берди. Ошондо анын майда кара чачы далысына жайылды. Күлчоро менен Канчоро октой учуп жөнөдү. Алар жүргөн жер замбиректен ок аткандай жер титиреди. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү ким билет?...

Айчүрөк ак өргөөнү Бугурчан деген атка, көк өргөөнү Көк-Бууданга жүктөтүп, келин-кыздардын коштоосу менен Семетейдин жолун тосуп жөнөдү. Чоң-Үргөнчтүн боюна ак өргөө тиктирди. Боз үйдүн ичине алтындан жасалган керебет койдуруп, кымбат көшөгөнү тартты. Семетей келип Айчүрөккө үйлөндү, Акункандын шаарына кан болуп ошондо кандык кылып өлдү.

Мына ушуну менен Кенжекарадан жазылып алынган «Семетейдин» үзүндүсү бүтөт. Сүрөтчү Смирнов кыргыз тилин жакшы билбегендиктен чыгармадагы эпикалык каармандардын аттарын туура эмес жазып алган. Маселен, Чынкожо — Чен-Коджо, Жедигер — Дедигер, Акункан — Акин-Ген, Чоң-Үргөнч — Чен-Оркоч болуп жазылган. Бул үзүндү азыркы күндөгү жыйналган «Семетейдин» вариантына көп жагынан окшош. Мында эпостогу негизги сюжеттик сызык сакталгандыгы көрүнөт. Бирок, ошондой болсо дагы Кенже-каранын айткандары азыркы семетейчилердин айткандарынан бир аз айырмаланат. Анын айтуусу боюнча Чынкожо, Толтой Акункандын шаарын басып алып, Акунканды өлтүрөт. Ал эми «Семетейдин» Саякбай, Жакшылык, Тоголок Молдонун айткан варианттарында Чынкожо, Толтойду жеңген Семетей Айчүрөккө үйлөнүп, Акункан өзү кан болгон бойдон калат. Айрым варианттарда Айчүрөктөн кабар алып келгин деп Семетей Күлчорону гана жиберет, кийин Семетей менен бирге келген Канчоро коркуп Үргөнчтү кече албай койгондо аны атка таңып Үргөнчтү кечирет (Жакшылык Сарык уулу, Тоголок Молдо). Кенжекаранын айтуусунда Семетейдин тапшыруусу боюнча Айчүрөктөн кабар алганы Күлчоро менен Канчоро экөө тең келип, Үргөнчтү кечишет. Мындан «Семетейдин» кийинки варианттарында Канчоронун ролу төмөндөтүлүп, анын коркоктук жагы айрыкча белгиленгендиги байкалат.

«Семетейдин» азыр колдо бар варианттарында Айчүрөктүн түшүн анын сиңдиси Калыйман жоруйт. Кенжекаранын айтканында түштү кан кызы эмес, кедейдин кызы жоруйт. Бул факт Семетейчинин кан, бектин кызына караганда карапайым кедейдин кызынын акылын, билгичтигин жогору койгонун жана анын айтканында демократтык ой-пикир орун алганын көрсөтөт.

Эпостун азыркы варианттарында Айчүрөк алып келген Акшумкарды издеп Семетей Айчүрөккө келсе, Кенжекаранын айтуусу боюнча Семетей Агаяк деген бийик тоого чыгып, Чынкожо, Толтой Акункандын шаарын чаап алып, Айчүрөктү туткундап алганын көрүп, баскынчы баатырларды аркан менен байлап алгыла деп Акундун элине буйрук берет. Акшумкар жөнүндө сөз болбойт. Мындай буйрук берүү кийинки материалдарда жок жана Чынкожо, Толтойду Семетей менен Күлчоро катуу согушта өлтүрөт. Кенжекара айткандай Айчүрөк Семетейдин келер жолун тосуп жөнөбөстөн, кийинки варианттарда Үргөнчтүн боюнда кыз-келиндер менен оюн куруп жаткан Айчүрөктү издеп келип таанышат. Ушул эле окуядан убакыт өткөн сайын эпостун сюжеттик сызыгы, кээ бир деталдар кандайча өзгөрөрүн байкоого болот. Сөз болуп жаткан варианттардын дагы бир чоң өзгөчөлүгү катарында Семетей эч кандай жоо менен урушпай эле Акункандын шаарына кан болуп калды жана ошондо кан болуп туруп өлдү деген мотивди көрсөтсөк болот. Ал эми азыркы варианттарда Семетей Акункандын шаарын Чынкожо менен Толтойдон бошотот да анда Акункан өзү кандык кылып калат жана Семетей Акункандын шаарында өлбөстөн кытай каны Коңурбайды жеңип, акыры Канчоронун чыккынчылыгы аркасында Кыяс колдуу болуп өлөт. Мына ушинтип, сүрөтчү Б. Смирнов жазып алган Кенжекаранын «Семетейден» айткан үзүндүсү бул эпостун улам мезгил өткөн сайын кандайча өзгөрүп турганын жана кайсы окуялар кеңейтнлгендигин байкоого мүмкүнчүлүк берет. Бул фактынын эпосту изилдөөдө чоң мааниси бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4