Абдурахман Автобачы

кокондогу мамлекеттик ишмер.

Абдурахман-Автобачы (өзб. Abdurahmon oftobachi; 1844 — 1884 [1]) — мамлекеттик ишмер, Кокон хандыгынын аскер кайтаруучусу, кыргыз-кыпчак урууларынын башчысы. [2].

Абдурахман Автобачы
Кокон хандыгы

Орусия империясы

1844 — 1884
 
Туулган жылы: 1844 жыл(1844)
Туулган жери: Кокон хандыгы
Каза болгон жылы: 1884 жыл(1884)
Каза болгон жери: Орынбор
Кесиби: полковник

Өмүр баяны түзөтүү

Кокон хандыгынын ордосундагы кыргыз-кыпчак тоболу. Кокондун акыркы хандардын бийлигин чындоого аракеттенген. Кокон хандыгына каршы антифеодалдык мүнөздөгү элдик көтөрүлүштөрдү 1873-1874 ж.ж басууда жазалоо аскерлерине башчылык кылып,1874-жылы Кудаяр хандын "парванчы" наамын алган.

Козголоңу түзөтүү

Негизги макала: Кокон жүрүүсү (1875—1876)

1870 жылы Абдурахман Кудаяр ханды ээликтен түшүрөйүн деп: Лейлектен Кыргыз Чапкылдыктар уруусунун бийлерине кат жөнөтөт, катта алардын көтөрүлүүсү тууралуу айтылат. Жыйынтыкта Лейлектиктер өзүнүн ханын бир кокон хандын урпагын Абдыкеримбек Садыкбек уулуну ээликке коюшат. Кудаяр хан бүт көтөрүлүүчүлөрдү аябай басып алат. Орусия империясы анын сурагы менен Ходжентке кайтып келгенде Абдурахманды кармап алып Коконго жөнөтөт. 1873-1874 жылдары Абдурахман Кудаяр хандын, Полот Бектин, Мамыр Мерген уулу, Абдылдабек жана башка кыргыз бийлерин көтөрүлүүсүн басып алууга жөнөтүлгөн аскерлерин башкарып, ушул үчүн ага Парваначы деген наам берилген. [2] 1875 жылдын июлунда Коконго каршы күчтөр көбөйө баштайт. Полот хан башкарган көтөрүлүүчүлөрдүн ээлигине Баргана өрөөнүндөгү жайгашкан көптөгөн айылдар, шаарлар анын ээлигине кирет. Кудаяр хан жөнөткөн Абдурахман, Калназар жана Сарымсак а также Калназар и Сарымсак жана аларга берилген 4000 Сарбаз (жалданма аскер), Өзгөндөгү көтөрүлүүчүлөрдү басууга жөнөтүлгөндө Көтөрүлүүчүлөрдүн жагына киришет. Аларга дагы Кудаяр хандын баласы Насриддин ханАнжиян вилаятынын беги, жана Султанмурат — Маргилаң вилаятынын беги көтөрүлүүчүлөргө кирет. Жыйынтыкта 22 июльда Кудаяр хан Кокондон качат, жана Орусия империясынан коргоочу жерде жашынат. Насреддин хан такка отурат. Абдурахман жана Насреддин элдин нааразылыгын динге кетирет. Бирок элдин нааразачылыгы көбөйүп, кайта жаңы күч менен көтөрүлүш башталганда, Насреддин хан орустардан жардам сурайт. 1876 жылдын январынын аягында, Индукыштак деген жерде Абдурахман, 26 бий жана бек 500 аскер мененСкобелевдин жазалоочу тобунв тапшырылат. Абдурахман Екатеринославльга жөнөтүлгөн, ал жерде ал бир жыл бойю 3000 рубль алган. [2].

 
Жаңы универсалдуу жердин атласы.

Андан кийин жашоосу түзөтүү

Орус падышасы, 1 январда 1881 жылы Абдурахманга полковниктин чинин берет, жана полициянын көзөмөлүнөн койо берет. 25 февралда 1881 жылы Абдурахман өкмөткө Меккага хаджга барууга суранат. Бирок 25 майда жоопту күтпөй каза болот.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

1875-жылы июлда Кокон хандыгынын зомбулугуна каршы которулуш кучоп,Кыргызстандын туштугу жана Фергананын бир катар аймактары Болот хан (Пулат хан) жетектеген которулушчулордун колуна ото баштаган.
Абдурахман Автобачы озунун кошууну менен которушчулор тарапка отуп кеткен.
Которушчулордон сестенген Кудаяр хан орус падышалыгынын Туркстандагы бийликтерине баш пааналап откон кезде Абдурахман Автобачы ак соок феодалдарга кошулуп, озунун кол алдындагы жургон канзаада Насреддинди такка которуп,Болот ханды зынданга салдырган ( ал 22-августта зындандан качып кеткен).
Кокон хандыгын калыбына келтируу учун Абдурахман Автобачы менен Насреддин хан элдин курошун диний мунозго багыттап,"ыйык казатка" (газаватка) чакырган.
1875-жылы элдик которулуш кайра кучогондо, Насреддин хан орус аскерлерин жардамга чакырууга аргасыз болгон.
Озу каалагандай феодалдык-монархиялык "мусулман" доолоту тузулбой турганына козу жеткен Абдурахман Автобачы элдик кыймылга чыккынчылык кылып,аскерлери менен бирге падышалыктын жазалоо отрядына багынып берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Урстанбеков.Б,Чороев.Т "Кыргыз тарыхы" энциклопедиялык сөздүк,1990.

  1. [1]Национальная Энциклопедия Узбекистана, "АБДУРАҲМОН ОФТОБАЧИ" стр. 43
  2. 2.0 2.1 2.2 Кокандская экспедиция 1875—76 гг. // Военная энциклопедия: [в 18 т.], 1911—1915.