Азалоо, азала — жакын адамы өлгөндө куда-сөөгү, көңүлү жакын адамдары мал жетелеп же башка бир нерсе алып барып көңүл айтуу (мурунку заманда көбүнчө мал берүүчү). Береним төрөм өлгөндө, Катагандын кан Кошой, Кагылайын абакем, Асага берген мал эле (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 78) делип,) Тайторуну Манас баатыр өлгөндө Кошой алп азалап алып келгендиги Каныкейдин сөзү аркылуу берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4